Өзгөн көмүр бассейни
Өзгөн көмүр бассейни – Кыргызстандагы көмүр кендери жайгашкан ири аймак. Ош облусунун чыгыш, Нарын облусунун түштүк-батыш бөлүктөрүндө, Чаткал, Молдо-Тоо, Алай жана Торугарт тоо кырларынын аралыгында. Түндүк-батыштан түндүк-чыгышка 150 кмге созулуп, 3000 км2дей аянтты ээлейт. Кендер жергиликтүү элге илгертен белгилүү. Бассейндеги Тегене, Таш-Көмүр (Нарын), Көк-Жаңгак, Кумбел, Зындан, Туюк, Каргаша, Карадөбө, Алдаяр, Көккыя ж. б. кендер бар. Аймакта негизинен палеозой (силур, девон, карбон, пермь), мезозой (триас, юра) жана кайнозой (палеоген, неоген, антропоген) тоотектери таралган. Көмүр юра мезгилинин кумдук, алевролит, чопо катмарларынын арасында жатат. Ар кандай калыңдыкта жогорку сапаттуулугу (аз күлдүүлүгү, табынын ысыктыгы ж. б.) менен айырмаланат. Айрым кендердеги көмүр кокс алууга жарамдуу. Бассейндеги көмүрдүн запасы 17723,04 млрд т. Мындан Көк-Жаңгак 1910-жылдан, Маркай 1914-жылдан казыла баштаган; азыр Таш-Көмүр, Тегене жана Көк-Жаңгак кендери иштетилүүдө.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Кыргызстандын кен байлыгы: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек – 2004, ISBN 9967-14-009-7