Өзгөрмө ток машинасы (механика)

Википедия дан

Өзгөрмө Ток Машинасымех. энергияны өзгөрмө ток электр энергиясына (генератор), же өзгөрмө ток электр энергиясын мех. энергияга (кыймылдаткыч), же өзгөрмө ток электр энергиясын башка чыңалуу же жыштыктагы өзгөрмө ток электр энергиясына өзгөртүүчү электр машинасы.

Өзгөрмө ток машинасы синхрондуу жана асинхрондуу болуп бөлүнөт. Асинхрондуу Өзгөрмө ток машинасы коллектордуу жана коллекторсуз болуп айырыаланат. Өзгөрмө ток булагынын генерациялануучу фазанын санына жараша Өзгөрмө ток машинасы бир жанa көп фазалуу болот. Син­хрондуу электр машинасы көп учур­да генератор катары, ал эми асинхрондуусу кыймылдаткыч катары пайдаланылат.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.