Өзгөчө экологиялык абал

Википедия дан

Өзгөчө экологиялык абал ― ар кандай шарттардын жана факторлордун, анын ичинде жашоонун жана адамдын абалынын көз карашынан алганда оң жана терс жагдайлардын мейкиндик-убакыттык айкалышы. Алар ар кандай деңгээлдеги жыргалчылыктын же жетишсиздиктин аймагында белгилүү экологиялык кырдаалды түзүшөт.

Кыргызстанда[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мындай абал тууралуу «Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндөгү» мыйзамдын 39-беренесинде каралган. Айлана-чөйрөгө болгон адаттан сырт антропогендик жүктөн улам КРдин айрым аймактарында өзгөчө экологиялык абал түзүлдү. Анын пайда болушуна негизинен эл чарбачылыгынын, биринчи кезекте өнөр жайдын экологиялык талаптарды эске албастан өнүгүшү, айлана-чөйрөнү коргоо, жаратылыш ресурстарын коргоо багытындагы иш –аракетти каржылоодогу кенебестик принциби себепкер болду. Экологиялык жактан коркунучтуу өнөр жай ишканаларын бир жерге чогултуу атмосфералык абанын, жер үстүндөгү жана жер астындагы суулардын аябагындай булганышына алып келди. Айталы, Кара-Балтада, Таш-Көмүрдө, Кара-Сууда, Балыкчыда зыяндуу өнөр жай ишканаларынын көп курулушу бул аймактардагы экологиялык кырдаалга тескери таасирин тийгизди. Ишканалардын атайын тазалоочу бөлүктөр жана куралдар менен тиешелүү деӊгээлде камсыз болбогондугу атмосфералык абага жана суу объектилерине көп өлчөмдө зыяндуу заттардын чыгышына алып келүүдө. Ал эми мындай заттардын топтолушу талап кылынган нормадан бир нече, кээде он эсе ашып кетүүдө[1].

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Укук: Энциклопедиялык окуу куралы/Башкы ред. Асанов; кеӊеш Ч. Арабаев. –Б.:Мамл.тил жана энциклопедия борбору, 2004.-462 б. ISBN 9967-14-019-4