Өздүк функциялар

Википедия дан

Өздүк функцияларматем. анализиндеги түшүнүк. Матем. физиканын көп маселесин (термелүү теориясында, жылуулук өткорүүчүлүктө ж. б.) чыгарууда четтик шарттарды канааттандыруучу бир өңчөй сы­зыктуу дифференциал L(у)=Ху теңдеменин нөлгө теңдеш барабар эмес чыгарылышын табуу талап кылынат.

Мындай чыгарылыш Өздүк функциялар маселеси деп аталат, ал эми ал чыгарылышка туура келүүчү А, маанилери өздүк маанилер делинет. Эгерде четтик шарттарга туура келүүчү дифферен­циал теңдеме өзүнө тутумдаш болсо, анда анын өздүк маанилери чыныгы, ал эми ар кандай өздүк маанилерге туура келүүчү Өздүк функциялар ортогоналдуу болот. Өздүк функцияларды сызыктуу функциялык мейкиндиктердеги сызыктуу операторлордун өздук векторлору ка­тары да аныктоого болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.