Өз ара начар аракеттениш
Өз ара начар аракеттениш — элементардык бөлүкчөлөрдөгү негизги төрт өз ара аракеттеништин бири.
Өз ара начар аракеттениш күчтүү жана электр-магниттик өз ара аракеттеништерден кыйла начар, ал эми гравитациялыктан өтө күчтүү болот. Өз ара аракеттеништин күчүн ал пайда кылган процесстердпн ылдамдыгы көрсөтөт. Адатта энергиясы 10* — 10* экв болгон процесстердин (мындай энергиялар элементардык бөлүкчөлөр физикасына мүнөздүү) ылдамдыгы салыштырылып бааланат.
Мындай процесстер өз ара күчтүү аракеттениште 10~24 сек, электр-магниттик аракеттениште 10~21 сек, Өз ара начар аракеттениште 10-10 сек да болуп өтөт. Өз ара аракеттенишкен болүкчөлөрдүн башка мүнөздөмөсү — алардын заттагы эркин өтүү жолунун узундугу. Өз ара начар аракеттеништин аракет радиусу 10-14 — 10-15 см, ошондуктан 10-5 см аралыктагы коңшу эки атомдун ядросунун Өз ара начар аракеттениши жокко эсе.
Өз ара начар аракеттениште күчтүү жана электр-магниттик аракеттеништер баш ийе турган көп мыйзамдар. мисалы, адитивдүү квант сандарынын сакталуу мыйзамы, жаратылыштын фундаменталдык симметриясы, заряддын жуптуулук жана мейкиндиктин жуптуулук мыйзамы ж. б. бузулат.
Азыркы жанa Өз ара начар аракеттеништердин жалпы теориясын түзүүдө.
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.