Өз ара начар аракеттешүү

Википедия дан

Өз ара начар аракеттешүү – элементардык бөлүкчөлөр арасындагы аракеттешүүнүн бири.

Өз ара начар аракеттешүүдөгү процесстин мүнөздүү убактысы ~10-10 сек. Өз ара начар аракеттешүүнүн негизги мүнөздөмөсү – заттагы бөлүкчөнүн эркин жүрүү жол узундугу. Өз ара начар аракеттешүүгө ээ нейтрино калыңдыгы миллиард км темир плитаны эч бир кагылышуусу жок өтөт. ~1 ГэВ энергияда өз ара гравитациялык аракеттешүүнүн күчү Өз ара начар аракеттешүү күчүнөн 1033 эсе аз. Өз ара начар аракеттешүүнүн таасир этүү радиусу, ушул убакка чейин так өлчөнө элек, күтүлгөн мааниси 2⋅10-16 см. Өз ара начар аракеттешүү процесси өтө ысык жылдыздардын энергиясынын сарпталышын шарттаган жылдыздар эволюциясында жаңы жылдыздардын пульсарлар пайда болгон жарылуусунда өтө маанилүү роль ойнойт. Өз ара начар аракеттешүү заряддалган лептонду нейтриного, ал эми бир түрдөгү кваркты башка түрдөгү кваркка айландырат.

Дагы кара[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]