Өкүлдүк

Википедия дан

Өкүлдүк — гражд. укукта бир адам­дын (өкулдун) башка (Өкүлдүк дайындаган) адамдын атынан жанa анын кызыкчылыгы учун граждандык укук мил­детин пайда кылуучу, озгортуучу же токтотуучу укуктук мааниде аракеттенуусу.

Адамдын бир катар жагдайларга (чолосу жок, квалификациясынын жетишсиздиги ж. б.) байланыштуу гражд. (негизинен мулктук) укук жанa милдеттерин өз ал­дынча аткара албаган учурда да Өкүлдүк дайындалышы мумкун.

Советтик укук боюнча жөндөмдүү (дееспособный) граждандар, ошондой эле укуктуу (бир нерсеге) адам Өкүлдүк боло алат. Керт башы менен аткара турган укук аракетте (мис., мураска, нике каттоого кол коюуга) Өкүлдүк дайындалбайт. Закон (мис., жашы жете электердин аты­нан алардын ата-энеси закондуу Өкүлдүк) жанa админ, акт боюнча (мис., Эл депутаттар советинин тийиштуу аткомдорунун чечиминпн негизинде опекага алынгандын атынан опекун Өкүлдүк) ишеним каттын негизинде Өкүлдүк дайындалат.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.