Өлчөмсүз чоңдук
Өлчөмсүз чоңдук, атамасыз чоңдуктар — негизги чоңдуктарды бирдей эле санга эселентип өзгөртүүдөн өзгөрбөгөн туунду физ. чоңдуктар.
Эгерде узундук L, масса М, убакыт Т негизги чоңдуктар деп алынса жана аларды бирдей санга өзгөртүү берилген чоңдукка таасирин тийгизбесе, андай чоңдуктун бирдик өлчөмү L°M°T°=1 болуп, негизги чоңдуктардын системасында ал өлчөмсүз (атамасыз) чоңдук делинет. Мис., айлананын эки радиусунун арасындагы жаанын радиуска болгон катышы менен аныкталуучу тегиздиктеги бурч (радиан )LMT системада атамасыз, ошондой эле Өлчөмсүз чоңдукка бардык салыштырмалуу чоңдуктар жанa окшоштук критерийдеги Рейнольдс саны, ж. б. кирет.
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.