Өлчөм билдиргич

Википедия дан

Өлчөм билдиргич - объектинин геом. өлчөмүнүн өзгөрүшүн электр ж. б. сигналга айландыргыч түзүлүш.

Өлчөм билдиргич нерсенин сызыктуу өлчөмүнүн өзгөрүшүн эсептөө ыңгайлуу болсун үчүн же ал өзгөрүштү андан ары пайдаланууда (мис., белгиленген өлчөмдөн ашкандыгы жөнүндө сигнал берүүдө) колдонулат. Алар калыңдыкты, узундукту жан башканы билдиргич бо­луп айырмаланат, ал эми конструкциясы боюнча контакттуу жанa контактсыз болуп бөлүнөт. Контакттуу Өлчөм билдиргичте сезгич элемент өлчөнүүчү объект менен тийишкенде өлчөмдүн өзгөрүшүн мех. которулууга (жылышууга) айландырат да, ал андан ары электр, мех., пневматикалык же гидравликалык сигналга айландырылат. Электр контакттуу, индукциялуу, көлөмдүү, реостаттуу жанa электрон-параметрдүү билдиргичтер кенири таралган. Контактсыз Өлчөм билдиргич сезгич элементти объект менен туздөн түз тийиштирүүгө мүмкүн болбогон учурда, мис., полимер плёнкасынын калыңдыгын өлчөөдө ж. б. колдонулат.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.