Өлүктүн Селейиши

Википедия дан

Өлүктүн Селейиши — олүктүн белгилеринин бири. Адам өлгөндөн 2—5 сааттан кийин билинет.

Бир сутка ичинде ирети менен мурун, жаак, моюн, кол, көкүрөк, бел, ич, бут булчуңдары селейет. Селейүү кайра 3—5 күндө тарап, булчуңдар жумшарат.

Булчуңдары тырышып өлүүчү ооруларда (холера, селейме, стрихнин менен ууланганда) Өлүктүн Селейиши бат пайда болот. Булчуңдардын катышы аденозинтрифосфор кислотасы жоголуп же глюгенден бөлүнгөн сүт кислотасы булчуңда көбөйгөндүктөн пайда болот.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.