Өлүм-житим

Википедия дан

Өлүм-житим — өлүмдүн натыйжасында эл санынын өзгөрүшү; өлкөнүн (шаар, область, республика) санитариялык абалынын маанилүү көрсөткүчү. Ал жалпы жанa балдардыкы бо­луп бөлүнөт.

Өлүм-житим адамдын жашына, жынысына, кесибине, жашоо шартына тыгыз байланыштуу. Мис., бир жашка чейинки балдарда жанa карыларда өлүм-житим көрсөткүчү көбүрөөк. Өлүм-житимдин жарымына жакынын жүрөк-кан тамыр оорулары, бир бөлүгүн рак, белгилүү санын травма жанa уулануу түзөт. Совет өкмөтүнүн социалдык саясаты жана саламаттык сактоо органдары­нын милдети — Өлүм-житимдин себептерине каршы күрөшүү жанa аны мындан ары азайтуу.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.