Өлүм топтору

Википедия дан

«Өлүм топтору 18+» (орус. Группы смерти 18+) — Өспүрүмдөрдү социалдык тармактарда суицидке үгүттөгөн топ.Алгач "өлүм топтору" Орусияда ВКонтакте социалдык тармагында ачыла башталганын орусиялык гезит жазып чыккан. Ал макалада топко киргендердин арасынан 130 өспүрүм өз жанын кыйганын жазган автор. Бирок гезит катуу сынга кабылып, башкы редактордун орун басары жумушунан алынган. Бул окуядан 4 күн өткөн соң, 2016-жылдын 20-майында Орусия Федерациясынын Тергөө комитети "өмүрүн кыюуга жеткирүү" беренеси менен кылмыш ишин козгоп, 15-ноябрда шектүү катары 1995-жылкы Филлип Будейкин кармалган. Ага жана анын шериктерине "15 өспүрүмдү өлүмгө жеткирген" деген айып тагылган. Филипп Будейкиндин (каймана аты-жөнү - Филипп Лис) айтымында, ал өзү психикалык жактан жабыркаган. Ал өзүнө коомчулукту кара күчтөрдөн тазалоо максатын койгонун айткан. Адам эмне менен алектенерин билүү үчүн Будейкин аны скайп аркылуу транска киргизип билген. Анын шериктери Будейкин өспүрүмдөрдү жанын кыюуга жеткиргенин айтышкан.

хэштегтер: #Көккит, #тынчүй, #меноюндамын, #киттердеңизи, #мени4:20даойгот, #f57, #f58. Аталган хэштегдер интернеттен тез арада жайылып коомдо кызуу талкууга алынды. Буларды баракчасына жайгаштырган өспүрүмдөр социалдык тармактагы коркунучтуу оюнга катышууну каалагандар деп болжолдоого болот. Үрөй учурган оюндун катышуучусу адегенде ушул хэштегдерди жайгаштырат. Андан соң ага 50 күн бою өзүн өлтүрүүчүлөрдүн интернеттеги топторунан ар кандай тапшырмалар келе баштайт. Адегенде "жалгыз мүйүздүү жылкынын сүрөтүн тарт", "көк китти тарт" деген сыяктуу зыянсыз тапшырмалар берилет. Бара-бара "өзүңдү өлүп жаткандагыдай тарт", "колуңду устара менен кескиле" деген буйруктар келе баштайт. Берилген тапшырманы аткарган оюндун катышуучусу аны баракчасына жайгаштырып туруусу керек. 50-күнү "өзүңдү өлтүр" деген тапшырма берилет. Өзүн өлтүргөндөр оюндун жеңүүчүлөрү болушат. Эгер өспүрүм коркуп жатканын айтса, анын уюлдук телефонуна үйүнүн дареги жиберилип, "сенин ата-энеңди, жакындарыңды өлтүрөбүз" деген билдирүүлөр келет. Эрежеге ылайык оюндун катышуучусу саат 4:20да өзүнүн өмүрүн кыйышы керек...

Уюуштуруучулар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бул оюндун уюштуруучулары IT-технологияны жакшы билген адамдар экени болжолдонууда. Өспүрүм дарегинин табылып калганынан чочулап жакындарына маселесин айтпай, аларды коргоп калуу максатында өз жанын кыюуга баруусу ыктымал. "Көк кит" оюну адегенде Орусияда "Вконтакте" социалдык тармагында жайылып кеткен. Андагы суицидге үндөгөн топторго күнүнө миңдеген өспүрүмдөр жазыла башташкан. Мындай топтун биринин түзүүчүсү Филипп Будейкин учурда абакта. Ал өзүнүн кылыктарын "коомчулукту керексиз адамдардан тазалап жатам" деп түшүндүргөн. Жалпы жолунан бул өлкөдө мындай топторго катталган 20га чукул өспүрүм өздөрүнө кол салып каза болгону айтылып келет. Учурда "Вконтакте" тармагынын администрациясы суицидге чакырган топторду жаап салууну убадалоодо.

Окуянын жүрүштөрү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Январь айынын акыркы күндөрүндө "Көк кит" оюну боюнча интернет айдыңында кызуу талкуулар жүрдү. Бир катар жарандар ата-энелерге "балдарыңарга көз салгыла" деп кеңеш берсе, айрым интернет колдонуучулар алардын кээ бир туугандары жалгыз мүйүздүү жылкыны тартып жатышканын айтып ой бөлүшүштү. Ички иштер министрлиги интернеттеги оюндан эч ким өз өмүрүн кыя электигин билдирди. Бирок 1-февраль күнү борбор калаанын №12-мектебинин 8-классынын окуучусу Чыгыш-5 кичи районундагы көп кабаттуу үйдөн таңкы саат 4 чамасында боюн таштап каза тапкан. Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бул окуяга интернеттеги оюн себеп болгон же болбогондугу териштирилип жатат дешет. Бирок окуучунун таңкы саат 4түн тегерегинде каза болушу "өлүм оюнуна" тиешеси барбы деген ойлор айтылган. Маалыматтарга караганда, көп кабаттуу үйдөн боюн таштаган өспүрүмдүн бөлмөсүндө пижамасы тыкандык менен бүктөлүп, телефону блокко түшүрүлгөн бойдон калган.

Билим берүү министрлиги бул окуядан кийин Билим берүү башкармалыгынын жетекчилерине мектеп окуучулары кирип жаткан сайттарды көзөмөлгө алуу боюнча ата-энелер менен чогулуштарды өткөрүү тапшырмасын берди. Милиция кызматкерлерине эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү милдеттендирилди. Статистикага ылайык, өткөн жылы 95, 2017-жылдын январь айында 15 өспүрүм өз өмүрүнө кол салган. Учурда социалдык тармактардагы "өлүм" топторуна кирген өспүрүмдөр менен иштешүү боюнча өлкө аймагында 111 жана Бишкек шаары боюнча 185 байланыш номерлери акысыз иштей баштады.

Топтун катышуучусу экенин байкоо[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Өспүрүм эрте жатса да уйкусу канбайт
  • Киттердин, жалгыз мүйүздүү жылкынын, көпөлөктөрдүн сүрөтүн тартышат.
  • Интернетте #көккит, #тынчүй, #f57, #f58 деген хэштегдери бар топторго кошулган болот.
  • Viber, WhatsApp аркылуу бейтааныш адамдар менен жазышат. Ал адамдардан кызыктай тапшырмалар келет.

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]