Өмүралиев Таалайбек Барыктабасович

Википедия дан

Өмүралиев Таалайбек Барыктабасович - (2. 5. 1965-жылы туулган, Нарын облусу, Кочкор району, Чекилдек айылы) генерал-майор (2011). Алматы жалпы аскердик командалык жогорку окуу жайын (1986), РФ Куралдуу Күчтөрүнүн жалпы аскер академиясын (2000), Башкы штабынын аскер академиясын (2009) бүткөн. 1988-2009-ж. мотоаткычтар взводунун командиринен КР Коргоо министрлигинин күжүрмөн даярдык боюнча башкармалыгынын башчысы кызматына чейин жеткен. 200910-ж. Түштүк аскердик бирикмесинин командачысы, КР Коргоо министринин орун басары, 2010-11-ж. 1-орун басары, 2011-жылдан КР Коргоо министри.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]