Макелек Өмүрбай

Википедия дан
Өмүрбай, Макелек‎»‎ барагынан багытталды)
Кытайлык кыргыз илимпозу, профессор Макелек Өмүрбай Үрүмчү шаарындагы манас таануу боюнча эл аралык илимий жыйында. ШУАР, Кытай. 24.10.2015.

Макелек Өмүрбай (10. 3. 1956-жылы туулган, Кытай, Кызыл-Суу Кыргыз автоном облусу, Улуу-Чат ооданы, Улуу-Чат айылы) – адабиятчы, ШУАР улуттар тил жазуу кызматы комитетинде профессор (1990), филология илимдеринин кандидаты (2008). И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ардактуу профессору.

Кыскача өмүр тажымакалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Макелек Өмүрбай 1956-жылы жалган куран (март) айынын 10унда КЭРдин Кызыл-Суу кыргыз автоном облусунун Улуу-Чат ооданына караштуу Улуу-Чат айылынын Чоң-Терексуу кыштагында туулган.

1980-жылы Үрүмчү шаарындагы Шинжаң универститетинин география факултетин адистиги боюнча бүткөн. 1980-жылы Кытайдагы Шинжаң университетинин география факультетин бүтүргөн.

1982-жылдан Бээжин шаарындагы Борбордук улуттар институтунда кыргыз тили жана адабияты адистиги боюнча окутуучу, улуттар аралык тил жазуу кызматы комитетинде кыргыз тилин, кыргыз жазуусун изилдөө боюнча эмгектенет.

1982-жылдан азырга чейин ШУАР улуттар тил-жазуу кыяматы комитетинде Кыргыз тилин жана жазуусун изилдөө боюнча эмгектенет.

1985-жылдан Кытайда чыгуучу кыргыз тилиндеги «Тил жана котормо» журналынын башкы редактору.

Кытайда арап жазмасында кыргыз тилинде жарыкм көрүп жаткан «Тил жана Котормо» журналын 1985-жылдан ушул күнгө чейин жетектеп, анын башкы редакторлугунда аталган журналдын 125тен ашуун номуру басмадан чыкты.

Азыркы тапта Үрүмчү шаарында жашайт.

Илимий-чыгармачыл ишмердиги[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилин жана элдик чыгармаларын изилдөө боюнча 40тан ашык макаласы кыргыз, кытай, уйгур тилдеринде жарыяланган.

«Куран Керимдин» котормосун кытайлык кыргыздардын арап жазуусунда басмадан чыгарган.

Кытайдагы кыргыздардын жазуусунун орфографиялык эрежесин, тыныш белгилеринин эрежесин, адабий айтым (орфоэпия) эрежесин түзгөн (аталган китептер кытайлык кыргыздардын жазуусунда жана Кыргызстанда да жарык көргөн).

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде дарстар окуган.

Наамдары. Даражалары. Сыйлыктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кытайдагы кыргыз окумуштуулары, профессорлор Макелек Өмүрбай (оңдо) менен Мамбеттурду Мамбетакун (солдон экинчиси) "Манас" таануу боюнча эл аралык жыйын маалында Жусуп Мамайдын айтуусундагы "Манас" вариантынын Бишкектеги басылышын белекке алууда. Оңдон экинчи - Чолпон Субакожоева, солдо - Т.Чоротегин. Үрүмчү шаары, КЭР. 24.10.2015.

Макелек Өмүрбай уулу Кытайдын ШУАР аймагынын «орошон салым кошкон озот маманы» наамын алган.

Кыргызстандын «Кыргыз тили» төш белгисини ээси.

Кыргызстандын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин «Маданиятка салым кошкон» төш белгисинин ээси.

Кытай мамлекеттик өкүмөттөн өзгөчө каржы менен сыйлана турган аалым атагын алган.

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ардактуу профессору.

Филология илимдеринин кандидаты.

Чыгармаларынын кыскача тизмеси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кытайдагы «Кыргыз жазуусунун орфогирафиялык эрежелери» (1989- жылы «шинжаң эл басмасынан» жарык көргөн,125 эреже), «Кыргыз жазуусунун тыныш белгилеринин эрежелери» (1996- жылы «Тил жана Котормо» журналынын 4-санында жарыяланган 132 эреже), «Кыргыз адабий айтым (Орфоэфия) эрежелери» (1998- жылы «Тил жана Котормо» журналынын 4-санында жарыяланган, 72 эреже). «Орфогирафиялык сөздүк» (1989- жылы «шинжаң эл басмасынан» жарык көргөн. 56 миң сөз); «Кытайча- Кыргызча сөздүк» (1999 – жылы «шинжаң эл басмасынан» жарык көргөн. 57 миң сөз) сыяктуу беш сөздүктүн автору.

«Манастын акылы» (2012-жыл «Кызыл-Суу кыргыз басмасы» баскан) «Кыргыз эл ооз адабият негиздери» (1994- жылы «Кызыл-Суу кыргыз басмасы» баскан), «Кыргыз адабият тарыхы» (1- тому, 2005-жыл «Шинжаң эл басмасынан» жарык көргөн), «Кыргыздын ак баталары» (2003-жыл «шинжаң эл басмасынан» жарык көргөн), «Манас жана Чыңгыз» (2011- жыл, Кыргызстан «бийиктик» басмасы) сыяктуу китептердин (аталгандар илимий китептер болуп эсептелет) автору. Кытайлык кыргыздардын «Манас» эпосунун редколлегиясында көптөн бери эмгектенет.

«Кытай императорлорунун кыргыз кагандарына жазган каттары» («Учкун» АК. Бишкек —— 2003). «Ханзу жазмаларындагы кыргыздар» (биргелешип которгон , «Шинжаң эл басмасы» 2004) сыяктуу китептерди которгон.

Кытайлык кыргыз илимпоздору Ысакбек Бейшенбек (оңдо) менен Айтмамбет Бейшебай Бээжин шаарындагы уйгур дастандарын таануу боюнча эл аралык илимий жыйында. Кытай. 19.10.2015.

«Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн тарыхтагы баш кишилери (ажоолору)», «Манас эпосундагы Беш Бейжин тарыхта болгонбу?», «Манас эпосунун тарыхий арткы көрүнүшү» сыяктуу макалалардын автору.

«Манас» эпосундагы «кытай» ким болгон, Манастын тарыхий жоосу ким, Манас тарыхта болгонбу? деген сыяктуу изилдөөлөрдү кытай жазма тарыхтары менен салыштырып изилдеп келет.

  • Макелек Өмүрбай. Манас жана Чыңгыз: [Текст] / М. Өмүрбай. - Б., 2012. - 204 б.
  • Макелек Өмүрбай «Кыргылчалдын балдары оозуңду тарт…»:[Текст] /М. Өмүрбай. - Кыргыз Туусу. 2011. - № 23.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Ысак кызы, Токтобүбү; Жуматурду уулу, Адыл. Залкар манасчы Жүсүп Мамай / Редколлегия: Т.К.Чоротегин (төрага), А.Акматалиев, ж.б.; илимий ред. Г.Абдалиева. - Бишкек, 2014. – 328 б. – “Мурас” фонду; “Кыргыз Тарых Коому” ЭКБсы. - ISBN 978-9967-12-401-1.
  • “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111 -7
  • Турдуева А. Кытайлык кыргыздардын социалдык-экономикалык абалы (1950-1990-жж.) Тарых илим. канд. диссертациясы: 07.00.02: [Текст] / А. Турдуева. Тарых ин-ту, КР УИА. - Б., 1997.
  • Туңгуч кезектүү эл аралык “Манас” айтуу мелдеши, коргоо форуму. Залкар манасчы Жүсүп Мамайды эскерүү. – Үрүмчү: ШУАР адабият, көркөм өнөрчүлөр бирикмеси; Шинжаң элдик адабиятчылар коому, “Манас” кыргыз элдик дастандарын изилдөө ишканасы, 2014. – 25-29-сентябрь. – (Кыргыз, ханзу тилдеринде).
  • Субакожоева Ч. Т. Кытай кыргыздарындагы «Манас» эпосунун сакталуу жана өнүгүү тарыхы (Кызыл-Суу кыргыздарынын мисалында) [Текст] / Ч. Субакожоева. Илимий ред. проф. Т.К.Чоротегин. – Бишкек: Оптима Текноложис, 2015. – 216 б. – ISBN 978-9967-04-633-7.

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]