Өмүрдүн узактыгы

Википедия дан
Күтүлүү жашоо узактыгы

Өмүрдүн узактыгыкишинин туулгандан өлгөнгө чейинки жашоо мезгили. Кишинин өмүрүнүн узактыгы биологиялык, тукум куума өзгөчөлүктөрү менен гана чектелбестен, социалдык шарттарга (турмуш-тиричилик, эмгек, эс алуу, тамактануу жана башкалар) байланыштуу.
Кээ бир киши 110 жана андан да көп жыл жашайт. Өмүрдүн узактыгы калктын турмушунун деңгээлин белгилейт. Өмүрдүн орточо узактыгын ар кандай жашта жашаган жана өлгөндөрдүн эсебин чыгарып эсептейт. Жашагандардын эсеби калкты каттоодон билинет. Өлгөндөрдүн эсеби мурдагы статистикалык каттоодон табылат.
Өмүрдүн орточо узактыгы — коомдун калктын ден соолугун чыңдоо, өлүмчүлүктү азайтуу боюнча аракетинин көрсөткүчү. Экономикасы өнүккөн өлкөлөрдө өмүрдүн орточо узактыгы 70 жашка жетти.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8