Өмүрзаков Садыбакас

Википедия дан
Өмүрзаков, Садыбакас‎»‎ барагынан багытталды)
Садыбакас Өмүрзаков
Географ Садыбакас Өмүрзаков.
Жалпы маалымат
Төрөлгөндө берилген аты: Садыбакас Өмүрзаков (орусча тегаты: Умурзаков)
Туулган жылы: 1921-жыл 25-март, б.а. жалган куран айы
Туулган жери: Чүй облусу, Кант району, Жайылма кыштагы
Өлгөн жылы: 12-август, ба.а баш оона айы, 2002-жыл,
Өлкө: Кыргызстан желеги Кыргызстан
Иштеген кызматы: Кыргыз Республикасынын УИА Геология институтунун бөлүм башчысы
Ишмердүүлүгү: географ, картограф, педагог, коомдук ишмер
Альма-матер: Кыргыз мамлекеттик педагогикалык институту, 1942-жыл
Илимий тармагы: география, картография, географиялык ачылыштар тарыхы
Наамы. Сыйлыктары: Ленин ордени,
; Кыргыз ССРинин Мамлекеттик сыйлыгы; ж.б.

Садыбакас Өмүрзаков (орусча: Садыбакас Умурзаков; 1921-жылдын 25-мартында туулган – 2002-жылы 12-августта өлгөн) – Кыргызстандагы таанымал илимпоз, география илимдеринин кандидаты (1958-жыл), картография жана географиялык ачылыштар тарыхы боюнча ири адис, географ-окумуштуу.

Кыскача өмүр таржымакалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Садыбакас Өмүрзаков 1921-жылдын 25-мартында Кыргызстандын Чүй облусуна караштуу Кант районундагы Жайылма айылында туулган.
Бишкектеги № 5 мектеп-интернатты ийгиликтүү аяктаган.
1942-жылы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык институтунун (азыркы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин) география факультетин аяктаган.
1942-43-жылдары аспирантурада окуган.
Ошол эле 1942-44-жылдары Кыргыз мамлекеттик педагогикалык институтунда (азыркы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде) ассистент болуп иштеген.
1944-жылдан ар кыл комсомолдук жана партиялык кызматтарда иштеген.
1948-жылдын февралынан 1950-жылдын июуна чейин Кыргызстан ЛКЖС БК Биринчи катчысы болуп иштеген.
1950-53-жылдары мугалимдер институтунун директору болгон.
1953-59-жылдары Кыргыз сырттан окуу пединститутунун география кафедрасынын башчысы болгон.
1958-жылы география илимдеринин кандидаты илимий даражасын алган.
1959-70-жылдары Кыргыз улуттук университетинин география факультетинде кафедра башчысы жана декан болуп иштеген. 1970-жылдан ардагердикке чыкканга чейин Кыргызстан УИАсынын Геология институтунда география бөлүмүн башкарган, анда чыгармачыл топту жетектеген.
КРдин илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1984).
2002-жылы 12-августта Бишкек шаарында каза болгон. Маркумдун сөөгү Бишкектеги Ала-Арча көрүстөнүнө коюлган.

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргызстанда тарыхый география, топонимика, тоолуу аймактардын физикалык-географиялык шарттарын картага түшүрүү методдорун түзүү багытындагы илимий изилдөөлөрдүн негиздөөчүсү. Географиялык ил-нин кандидаты (1958), КРдин табиятын коргоого эмгек сиңирген кызматкер (1992). Табият жана коом изилдөө эл аралык ИАнын анык мүчөсү (2000), КРдин географиялык коомунун президенти (1964-2000), КРдин жана СССРдин географиялык коомдорунун ардактуу мүчөсү. 1943-50-ж. Кыргызстан ЛКЖС БКнын 1секретары, Кыргызстан КП БКнын мүчөсү жана бюросуна кандидат. 1950-53-ж. Фрунзедеги мугалимдер институтунун директору, 1953-59-ж. Кыргызстандын сырттан окуу педагогикалык институтунда кафедра башчысы (1959-70). КМУнун география факультетинин деканы (1962-65), кафедра башчысы. 197089-ж. КР УИАнын география бөлүмүнүн башчысы, климатология жана гидрология секторунун, физикалык география жана геоморфология лаборайонын башчысы, 19892002-ж. жетектөөчү илимий кызматкер. 1970-жылдан КР Илимий-маалыматтык атласынын илимий редакциялык кеңешинин төрагасынын орун басары, жооптуу секретары жана атласты түзүүчү топту жетектеп, ошону менен бирге бир нече өзгөчө мазмундагы карта түзгөн. Ал 400дөн ашуун илимий эмгектин, анын ичинде 22 монография, брошюралардын автору. Негизгилери: «Очерки по истории географических исследований Киргизии» (1959), «Природа Киргизии» (авторлош, 1962), «Тар жол, тайгак кечүү менен» (1963), «С четырёх сторон горизонта» (1983), «Кавказ, Средняя Азия. Кыргызстан» (авторлош, 1984), «Словарь географических названий Киргизской ССР (авторлош, 1988). Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясыныын мүчөсү жана география боюнча илимий кеңештин төрагасы болгон. «Манас» энциклопедиясын даярдоого активдүү катышкан. Ленин, «Ардак белгиси» ордендери, СССР географиялык коомунун, П. П. Семёнов-Тян-Шанский атындагы медаль менен сыйланган. КРдин табиятын изилдөөгө, география илиминин өнүгүшүнө өзгөчө салым кошкон. Кыргыз Ала-Тоосундагы бир чокуга ысмы коюлган.

Илимий-педагогдук чыгармачылыгы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

450дөн ашуун илимий эмгектин, анын ичинде 22 китептин автору.
30га жакын илимий китепке редактор болгон.
Анын эмгектери картография жана географиялык ачылыштар тарыхы боюнча ж.б. маселелерди чагылдырган.
Ара-чолодо КУУда дарстар окуп келди.
Совет доорунда СССР жана Кыргыз ССР географиялык коомдорунда үзүрдүү иштеди, Кыргыз ССР Географиялык коомунун алгачкы президенти (1964-2000) болду.

Атактуу устаттары, кесиптештери жана достору[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Садыбакас Өмүрзаковдун шакирттеринин арасында - кыргыздын белгилүү географтары Саламат Аламанов менен Темиркул Эшенкулов бар.
Садыбакас Өмүрзаков география илими боюнча бир катар кандидаттык ишке жетекчи болгон.

Үй-бүлөсү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Өмүрлүк жары – .
Кенже уулу, экономика илимдеринин кандидаты Кубат Өмүрзаков да атасынын жолуна түшүп окумуштуу болду.

Сыйлыктары. Наамдары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бүткүл союздук География коомунун (1985) ардактуу мүчөсү;
Кыргызстан География коомунун (1985) ардактуу мүчөсү.
СССР Географиялык коомунун чечимине ылайык, П.П.Семенов-Тяньшанский эскерме медалы менен сыйланган.
“Кыргыз Совет Энциклопедиясына” кошкон салымы үчүн башка авторлор менен катар эле Кыргызстандын Мамлекеттик сыйлыгын алган.
Ленин ордени жана Даңк Белгиси медалы менен сыйланган.
Табиятты коргоонун эмгек сиңирген кызматкери наамы ыйгарылган.

Эстутум[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2008-жылдын 15-январында КР Жогорку Кеңешинин кабыл алган атайын мыйзамына ылайык Аламүдүн суусунун башатындагы бир аты жок чокуга Садыбакас Өмүрзаковдун ысымы ыйгарылган. Чокунун бийиктиги – 4417 метр.

Эмгектеринин чакан тизмеси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Умурзаков С. Очерки по истории географических открытий и исследований Киргизии. – Фрунзе: Кыргызстан, 1959. – 150 с., илл.
  • Умурзаков С. С четырех сторон горизонта: (Очерки по истории географических исследований Киргизии). – Фрунзе: Мектеп, 1983. – 110 с.
  • Непроторенными путями. 1963 (кыргызча);
  • Современные проблемы географии Киргизии. 1980 (отв. редактор, соавтор);
  • Природа Киргизии. 1962 (соавтор, соредактор);
  • Атлас Кир СССР, т. 1, 1987 (соавтор и отв. редактор);
  • Словарь географ. названий Киргизии. 1988 (соавтор, отв. редактор); Киргизский край. 1990 (соавтор, на кир яз.).

Кыскача адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Шохрат Кадыров. Российско-туркестанский исторический словарь. Том 2. Осло, 2004 (Рукопись).
  • http://archive.slovo.kg/index.php?option=com_content&task=view&id=3226&Itemid=56(жеткиликсиз шилтеме)
  • Асанов У., Джуманазарова А., Чоротегин Т. Кыргызская наука в лицах. – Бишкек: Гл. Ред. Энциклопедии и Центра госязыка, 2002;
  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы, 1-6-томдор. – Фрунзе, 1976-1980.
  • Академия наук Кыргызстана: История и проблемы / Под ред. Акад. А.Акаева. – Фрунзе, 1990.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Т.Чоротегиндин С.Өмүрзаковду эскерген макаласы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ала-Тоодогу айдыңдардын тизмесинде кашкайып алыстан көрүнүп турган ири илимпоз – ыраматылык географ Садыбакас Өмүрзаков агай эле.
Оболу мен Садыбакас аганын өзү менен эмес, эмгектери менен тааныштым. 1983-1988-жылдары Ташкенде Өзбекстан Илимдер Академиясынын Абу Райхан Беруни атындагы Чыгыш таануу институтунда эки жылдык стажировкада жана үч жылдык күндүзгү аспирантурада окуп жүргөн чагымда, Садыбакас аганын “Кыргызстандагы географиялык ачылыштардын жана изилдөөлөрдүн тарыхынын учкай баяны” (Умурзаков С. Очерки по истории географических открытий и исследований Киргизии. – Фрунзе: Кыргызстан, 1959. – 150 с., илл.) деген китеби менин “жаздыгымдын астында” В.Бартольд, И.Крачковский, А.Бернштам, Ө.Караев, Ю.Худяков сыяктуу окумуштуулардын китептеринин катарында турду.
Бул эмгекти иликтеген киши тим эле университетти бүтүрүп чыккандай болот. Ал эми университетти бир күндө бүтүрө албайсыз да. Ошондуктан, “Кыргызстандагы географиялык ачылыштардын жана изилдөөлөрдүн тарыхынын учкай баяны” китебин улам-улам карап чыгууга, башка айрым китептердеги айрым каталарды тактоо же түзөтүү үчүн Садыбакас аганын ушул чыгармасына улам кайра кылчаюуга туура келди.
Мында элибиздин тарыхына жана географиялык-картографиялык мурасына байланыштуу нечендеген тарыхый фактылар, башка кыргыз окумуштуулары жана улут үчүн жаны күйгөн публицисттер козгой элек учурда, электен өткөрүлүп, топтоштурулуп берилген.
Бир эле мисал келтирсек, кыргыз журтчулугунда Махмуд Кашгари (Барскани) калтырган картографиялык-географиялык мурас 1960-жылдары (“Дивандын” өзбекче котормосу жарыяланган соң гана) сөзгө кеңири алына баштаган. Ал эми С.Өмүрзаков агай болсо Махмуд Кашгаринин картографиялык мурасын чечмелөө маселесине 1950-жылдары эле кайрылат. (Кашгаринин дооруна, өмүр жолуна жана илимий мурасына арналып, 1998-жылы жакталган доктордук диссертациябызда С.Өмүрзаковдун бул илимий салымын өзгөчө айта кеттик).
Садыбакас аганын “Көз жеткен чектин төрт жагынан” деген китеби да жалпы эле Борбордук Азия аймагындагы география, картография жана топонимия таануучу адистер менен тарыхчылардын сүйүктүү китебине айланды (Умурзаков С. С четырех сторон горизонта. – Фрунзе, 1983).
Жалпысынан, өз эмгектеринде С.Өмүрзаков Кыргызстанды иликтеген чет өлкөлүктөр тууралуу эле жазып чектелбестен, жер таануу жаатында кыргызстандыктардын өздөрү кошкон илимий салымды да унутта калтырган эмес. Кыргыздар менен байланыштуу топонимдер Энесай, Монголия жана Тибеттин чыгыш түркстандык этегинен тартып, Урал, Итил, Крымга чейин кезигээри тууралуу илимий маалыматтарды топтоодо тарыхчы жана этнографтар менен бир катарда С.Өмүрзаковдун да олуттуу салымы болду. Ал өзү өмүр бою топтогон мол маалымат 1970-80-жылдардагы кыргыз тарыхын жана тарыхый ареалын жалаң гана Кыргызстандын аймагы менен жасалма чектөө аракеттерине кайчы келээрин мыкты билип, эмгектери аркылуу өз пикирин тастыктап келди.
Эсимде, өзбекстандык илимпоздор, географиялык ачылыштар жана жер-суу аттары тууралуу нечендеген чыгармаларды жазган Хамидулла Хасанов жана Сүйүн Караев (өзбекстандык кыргыз окумуштуу) өз чыгармаларында да, илимий жыйындарда чыгып сүйлөгөн учурларында да Садыбакас Өмүрзаковду өздөрүнүн устаты катары терең урмат менен белгилешчү.
Кыргызстандын өзүндө да анын үлгүлүү, өрнөктүү жолу бардыгын ыраазы кылган, куштарланткан, демөөрлөнткөн чыйыр эле.
Садыбакас ага чыныгы атуул, анык патриот киши болгон, бирок мекен сүйөөр сезимин жыйындарда көкүрөктү ургулап, алтын шилекей чачыратып, курулай ураан чакыруу аркылуу эмес, ар күнүн текке кетирбей, илимий эмгек жазуу аркылуу туюнткан.
1990-1991-жылдары Садыбакас агай Бишкекте топонимиялык комиссиянын ишине ургаалдуу жетекчилик кылган илимий адистердин биринен болду. Маркум академик Салмоорбек Табышалиев жана Садыбакас Өмүрзаков агайлар ошол комиссиянын туура жыйынтык чыгарышына, тарыхый географиялык аталыштарды калыбына келтирүү жана Кыргызстанда көчөлөргө мурда унутта калтырылган же куугунтукталган залкар кыргыз ишмерлеринин аттарын коюу жараянына салым кошушту.
Эсимде, кыргызстандык илимпоздордун эки өкүлү “кыргыз” этнониминин 2200 жылдык мааракесин өткөрүү идеясын бири-биринен багыныңкы сунуш кылышкан. Алардын бири – аксакалыбыз Садыбакас Өмүрзаков болсо, экинчиси – жаш окумуштуу (азыркы тапта тарых боюнча доктордук диссертациясын жактоо үчүн камынып жаткан шакиртибиз, Би-Би-Си Дүйнөлүк кызматынын Кыргыз кызматынын продюсери) Арслан Капай уулу Койчиев болду.
Мен, - XXI кылымдын башындагы алатоолук тарыхчылардын бир өкүлү, - биз өзүбүздү С.Өмүрзаковдун шакирттери катары санайбыз деп айта алаар элем. Анын окуучуларынын бири, картография жана топонимия боюнча белдүү адистердин бири Темиркул Эшенкулов агай биз менен маегинде С.Өмүрзаков жаш тарыхчылардын эмгектерине өзгөчө астейдил мамиле кылаарын, өз окуучуларына да ушундай мамилени сунуш кылганын айтканы бар. Демек, географ жана тарыхчы С. Өмүрзаков өзүн жаш муундар менен көрүнбөгөн көпүрө аркылуу ырааттуу байланыштыра алган, мындай чыгармачыл көпүрөдөгү кыймыл үчүн өз эшигин дайыма ачык кармаган айкөл устат эле.
Садыбакас ага өзүнө өзү эч качан жалган айтпаган, дайыма булакка таянуу менен гана илимий корутунду жасоого умтулган окумуштуу болчу. Анын картографиялык жана географиялык эмгектери илимий мааниси бөксөрбөстөн күнү-бүгүнкүгө чейин илимге кызмат кылып келет.
Садыбакас Өмүрзаков аганын илимий жана коомдук ишмердик чыйыры артынан жаңы көчтү улантып калган алатоолук коомчулук үчүн унутулгус өмүр сабагы катары эсте кала бермекчи.