Өмүркулов, Мукан Өмүркулович

Википедия дан

Өмүркулов Мукан Өмүркулович 1937 жылы Петровка ооданындагы (азыркы Москва ооданы) Жарды-Суу айылында төрөлгөн.

1957 жылы Кыргыз улуттук университетинин тарых факультетине өтөт. Университетте окуп жүрүп, каникул убагында Кыргыз улуттук илимдер академиясынын архиологиялык бөлүмүнө кирип, республиканын тарыхый эстеликтерин табууда, археологиялык изилдөөлөргө катышып, бир чети тажрийба, бир чети археологиялык да кесипке жетишет. 1962 жылы эле ал университетти бүтө электе эле тарых факультетине лаборанттык кызматка алынат. Ошондон баштап Өмүркулов Мукан Кыргыз улуттук университетинде өмүрүн акырына чейин 45 жыл иштеди. 1965-1967 жылдары Кыргыз улуттук илимдер академиясынын аспирантурасына өтүп «Кыргызстандын түштүгүндө совет бийлигинин орношу» деген темада кандидаттык диссертацияны жазып өз мөөнөтүнөн мурда коргоду. КУУда Өмуркулов Мукан Өмүркулович лаборант, мугалим, улуу мугалим, доцент, профессор, кафедра башчысы даражаларында иштеп, студенттерге илимий-методикалык жактан терең билим берип миңдеген жаштарды мыкты адис кылып, тарбиялап чыгарды. Алардын арасында атактуу мугалимдер, чоң окумуштуулар, көрүнүктүү саясатчылар жана мамлекеттик жетекчилер бар.

Өмүркулов М.Ө.илимий-практикалык симпозиум, конференцияларга өз республикабызда, же чет өлкөлөрдө болобу, жогорку деңгээлдеги илимий докладдары менен катышып жүрдү. Ал 60тан ашык илимий жана илимий-методикалык эмгектердин автору, 20дан ашык статьялар Кыргыз Кеңеш энциклопедиясына жазылды, «Кыргызстандын эмгекчилери социалисттик революциянын лениндик теориясын ишке ашыруу үчүн күрөштө», «Октябрь нурунун астында», «Октябрь таңы Кыргызстандын түштүгүндө» жана кыргыз археологиясы боюнча эмгектердин автору.

Мукан Өмүркулов өзүнүн факультетинде жана университеттин коомдук иштерине кызыгуу менен катышып жүрдү: көп жылдары факультеттин парткомунун, профсоюзунун башчысы болуп, профессордук-мугалимдик бөлүктүн методологиялык семинарларын жетектеп жүрдү. «Билим» аттуу республикалык коому тарабы аркылуу мамлекетибиздин булуң-бурчунда жана башка бирликтик республикаларда, а түгүл чет өлкөдө лекцияларды талбай окуп жүрдү. Ал аспиранттарды, алардын илимий иштерин жетектеди. КУУнун тарыхый музейинин башатын (экспонаттарын бирден чогултуп жүрүп) ачкан Мукан Өмүркулов болгон.

Талбаган илимий-методикалык жана коомдук кызматтарды аткаргандыгы, студенттерди жогорку деңгээлде окутуп жана тарбиялап адис кылып чыгарган көп жылдык анын эмгеги коомчулук тараптан көз жаздымга калган жок.

М.Өмүркуловко «КУУнун билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкери» аттуу ардактуу наамы ыйгарылган, Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен, «Эл агартуу отличниги» төш белиси, «Эмгектин ардагери» ордени менен, жана Кыргыз Республикасынын элге билим берүү министирлиги, университети жана «Билим» коому тарабынан көптөгөн Ардак грамоталар менен сыйланган. Мукан Өмүркулов өмүр бою КУУнун, өз факультетинин жамаатарынын жана студенттердин арасында чоң сый-урматка жеткен. Өмүркулов М.Ө. 2006 жылы бирдин айынын 24 (январь) дүйнөдөн кайткан.