Өмүркул Кулумбаевдин чыгармалары
Алым келсе
Улуу элдин ырдап улуу казалын,
Узун элге угузамын атагын!
Ала-Тоосу бешик болуп термеген,
Айланайын, Айкөл кыргыз мазарым.
Теңдешүүгө чамасы жок эч кимдин,
Мен уулумун Теңиртоолук атанын.
Жотом - кыргыз булбул учкан оозунан,
Жаным кыргыз - жеңилбеген жоосунан.
Бөркүм кыргыз - буудан минген канаттуу,
Бейнем кыргыз - бүркүт учкан зоосунан.
Тобо кылган атам-энем алп кыргыз,
Бул дүйнөнүн тоосу кыргыз, тоо сунам.
Аруу дүйнөм - ак кементай, чапаным,
Ак мөңгүдөй - Ала-Тоодой калпагым.
Жоболоңдуу сан кылымдык колумду,
Жүрөгүмө дастан кылып жазамын.
Карааныңды канат кылып кыргызым,
Карегиме сүрөтүңдү тартамын.
Күндө көрсөм күндө жашсың - күлгүнүм!..
Кубанычта куунак өмүр сүргүнүң.
Жандооч кылып, айландырып койсом дейм,
Жер шарынын сага байлап киндигин.
Алым келсе, Ата Журтум көтөрөм,
Боз үйүңө бу дүйнөнүн түндүгүн!..
"Окурмандар китеп текчеси" сериясы, 34-том "Окурмандар китеп текчеси" сериясы, 34-том