Өмүрова, Бермет

Википедия дан

Өмүрова Бермет (13.9.1941-ж.т., Ысык-Көл району, Кашат айылы) — Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти (1995). Кыргыз Республикасынын эл артисти (2021).


1965—79-ж. Кыргыз мамлекеттик филармониясында солист, 1979-жылдан облустук М. Рыскулов атындагы музыкалык драма театрда актёр.
Аткарган негизги ролдору: Бегайша (Т. Актанов, "Күч күйөө"), Масган (У. Шекспир, "'Макбет"), Эне (К. Мамбетакунов, "Үкөй"), Уулжан (Т. Абдумомунов, "Борбаштын досу Камгакбай"), Бермет (Ж. Садыков, "Пудовкин"), Нурия (М. Гапаров, "Дарыянын шоокуму"), Лабатов (Цагарели, "Ханума"), Сот (Э. Өмүракунов, "Жыландар ханышасы"), Энс (Ч. Айтматов, "Чынгызхандын ак булуту"), Жаймажай (К. Ажымүдүнов, "Тирүүлөй өлктор"), Мама Тудышкина (М. В. Варфоломеев, "Кантип жашоого болот?"), Куланда (Р. Шүкүрбеков, "Жапалак Жатпасов") жана башка ырчы-аткаруучу катарында жана сатира жанрында да өзгөчө талантка ээ.
Мыкты ырчы катары кыргыз композиторлорунун көптөгөн ырларын радио-телеберүүлөргө жаздырган. "Абысындар" (Э. Сатаров), "Болуштун кайгысы", "Маардын күлкүсү" (М. Байжиев), "Ач көз жеңе" (Ж. Абдыкадыров) жана башка сатиралык интермедияларга катышат. Медалдар менен сыйланган.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Нарын облусу: Энциклопедия / Башкы редактору А.Карыпкулов; Ред. Кеңештин төрагасы академик Үсөн Асанов. – Бишкек: Кыргыз Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1998. – 420 бет, илл. - ISBN 5-89750-100-9.