Мазмунга өтүү

Өмүрова, Жамыйкат Орозбековна

Википедия дан

Жамыйкат Орозбековна Өмүрова (т.к. 1969-жылдын 22-декабры) - кыргыздын заманбап тарыхчы айымы, тарых илимдеринин доктору, доцент, КУУнун кафедра башчысы.

Кыскача өмүр таржымалы

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жамыйкат Орозбековна Өмүрова 1969-жылдын 22-декабрында Кыргызстандын Нарын облусуна караштуу Кочкор районундагы Шамшы айылында туулган.

1977-1988-жылдары Шамшы айылындагы орто мектепте окуп, ийгиликтүү аяктаган.

1989-жылы Кыргыз улуттук университетинин тарых факультетине окууга кирген.

1994-жылы Кыргыз улуттук университетинин тарых факультетин кызыл диплом менен аяктаган.

2003-жылы КУУда тарых илимдери боюнча кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү коргогон.

Илимий жетекчиси - маркум профессор Закир Эралиев болгон.

2010-жылдан тартып КУУнун Чөлкөм таануу жана кыргыз таануу кафедрасынын башчысы.

2010 –ж. КУУ нин Окумуштуулар кеңеши тарабынан докторлук диссертациясынын темасы бекитилген. 2021-ж. Ата Мекендик тарых жана Жалпы тарых илимдери боюнча докторлук диссертациясын ийгиликтүү коргогон.

Илимий кеңешчиси тарых илимдеринин доктору, профессор Кылычев Акылбек Мукаевич.

Жамыйкат Орозбековна өз ишинде педагогикалык кесипке жоопкерчиликтүү мамиле кылуу менен мыкты жөндөмдүүлүгүн, принципиалдуулугун жана ишти уюштура билгендигин көрсөтө алды. Тарых жана чөлкөм таануу факультетинин “регионоведение” адистигинин студенттерине: “Изилденип жаткан региондордун тарыхы”, “Эл аралык мамилелердин теориясы”, “Изилденип жаткан региондордун эл аралык мамилеси жана тышкы саясаты”, “Кесипке кириштүү”, “ Жаран таануу ”, ж.б. сабактарды өтүүдө. “Регионоведение” адистигинин магистранттарына “Мамилекеттин укук системасы”, “Чөлкөм таануунун олуттуу маселелери” ж.б. атайын курстарды окутуп келүүдө.

1 монография, 2 окуу куралы МОиН грифи менен, 3 студенттер үчүн методикалык көргөзмө жана 80ге чукул илимий макаланын автору.

Ж.БАЛАСАГЫН АТЫНДАГЫ КЫРГЫЗ УЛУТТУК УНИВЕРСИТЕТИ

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Омүрова Жамыйкат Орозобековна


Т. У. Усубалиев – Кыргызстандын мамлекеттик жана коомдук ишмери


БИШКЕК – 2014

 

Рецензенттер:

тарых илиминин доктору, профессор Эралиев З.Э.

тарых илиминин доктору, профессор Джуманалиев А.

Илимий редактор: Жигитеков К.

Омурова Ж.О.

Т. У. Усубалиев – Кыргызстандын мамлекеттик жана коомдук ишмери

– Б.: 2014.-150 б.


Монографияда диссертациялык илимий изилдөөнүн негизинде көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер, Кыргызстандын совет мезгилиндеги өнүгүшүнө жана эгемендүү Кыргыз Республикасынын түптөлүшүнө чоң салым кошкон инсандардын бири Т. Усубалиевдин тарыхтагы көп кырдуу ишмердүүлүгү чагылдырылган. Илимий эмгек ЖОЖдун студенттерине, тарыхчыларга, саясатчыларга жана жеке инсандардын тарых - таржымалына кызыккан окурмандарга арналат.





КИРИШ СӨЗ

СССР кулагандан кийин башка КМШ мамлекеттери сыяктуу эле Кыргызстандын көз карандысыздыкка жетүүсү жана демократиялык коомду курууга багыт алуусу менен өнүгүүнүн бардык мезгилиндеги баалуулуктарды кайрадан талдап чыгуу, өзгөчө тарыхтагы жеке инсандын ролуна объективдүү баа берүү актуалдуу маселенин бири болуп калды. Акыркы жылдары бул багытта алгылыктуу иштер жасалып, өткөн доорлодогу ондогон тарыхый инсандардын, мамлекеттик ишмерлердин жана илимопоздордун өрнөктүү өмүр жолун чагылдырган эмгектер жарыкка чыкты . Ошентсе да советтик доордогу ири жетекчилердин ишмердүүлүгүнө татыктуу баа бериле элек.

Жалпыга белгилүү болгондой, ар кандай тарыхый өнүгүүнүн деңгээли салыштыруудан көрүнөт. Кечээки көчмөн, агрардык, агрардык-индустриялуу, түзүлүштө жашап, бүгүн болсо демократиялык багытта жаңыдан өнүгүп келе жаткан Кыргызстандын экономикасынын совет доорундагы абалын, Борбордук Азия республикалары менен салыштырмалуу караганда бизде эл чарбасынын негизги тармактары болгон өнөр жайында, айыл чарбасында ж. б. тармактарда ири ийгиликтерге жетишкендиги даана көрүнөт. Маселен, 1960-80-жылдарда Кыргызстан СССРдин курамындагы республикалардын ичинен эл чарбасынын көпчүлүк тармактары боюнча алдыга чыккан. Бул мезгилде республиканын маданияты дүркүрөп өсүп, кыргыздар дүйнөгө өнүккөн маданиятка ээ улут катары таанылган. Тарыхта мамлекеттин өнүгүү багытын туура аныктоодо жана социалдык-экономикалык, маданий ийгиликтерге жетишүүсүндө  чыгаан тарыхый инсандар чоң ойногону белгилүү. Кыргыз элинин тарыхында мамлекетүүлүктү чыңдоого жана өнүктүрүүгө өзгөчө салым кошкон көрүнүктүү жетекчилер арбын болгондугу маалым. Бүгүнкү күндө эгемендүү жаш мамлекетибиз түптөгөн пайдубалга таянаары шексиз. Совет доорунда республиканы өнүктүрүүгө зор салым кошкон белгилүү инсандардын көч башында  И. Исакеев, Ж. Абдрахманов, И. Раззаков, Т. Усубалиев мамлекеттик ишмерлер турган.

Республиканы дээрлик чейрек кылым жетектеген Т. Усубалиев Кыргызстандын өнүгүүсүнө кошкон салымын объективдүү изилдөө жана илимий адилет баа берүү учурдун талабы болуп эсептелет.

Илимий эмгекте көрүнүктүү коомдук – саясий  ишмер, Кыргызстандын 1950-1986-жылдарда өнүгүшүнө зор салым кошкон Т. Усубалиевдин көп кырдуу ишмердүүлүгүн талдоого жана анын ээлеген ордун аныктоого аракет жасалды.

Т. Усубалиевдин коомдук-саясий ишмердигин объективдүү чагылдыруу кыргыз тарых илиминдеги инсан таануу багытынын өнүгүшүнө өбөлгө түзөт. Анын турмуштук мол тажрыйбасы, иштеген иш алып баруу стили  жана ыкмалары, бүгүнкү күндөгү саясатчылардын, мамлекеттик ишмерлердин калыптанышында үлгү катары кызмат кылат. Ошондой эле, Т. Усубалиевдин өрнөктүү өмүр жолу жаштарды тарбиялоодо чоң роль ойнойт.

Т.У.Усубалиевдин бейнесин толук ачуу үчүн ал жетекчилик кылып турган доорду ар тараптан изилденген окумуштуулардын изилдөөлөрү кеңири пайдаланылды. Ал эмгектерди мазмунуна жараша үч топко бөлүүгө болот:

Биринчисине СССРдин курамындагы республикалардын эл чарбасынын, илимий-техникалык прогрессинин негизги тенденцияларынын жалпы мыйзам ченемдүүлүктөрүн жана тарыхый абалын чагылдырылган эмгектер кирет. Советтик дасыккан адистер тарабынан жүргүзүлгөн изилдөөлөрдө ошол мезгилде үстөмдүк кылган саясатка байланыштырылган жыйынтыктар,  аша чаап мактоолор басымдуулук кылат. Аларда союздук республикалард коомдук-саясий, социалдык-экономикалык жана маданий өнүгүсү терең чагылдырылбай  жалпылаштырылган мүнөздө берилген.  

Экинчи топко  Кыргызстандык окумуштуулардын изилдөөлөрү кирет. Алар республиканын советтик мезгилдеги өнүгүүсүн кеңири чагылдырганы менен үстөмдүк кылган партиянын саясатына ылайык жазылган.

Yчүнчү топко эгемендүүлүк жылдары Совет мезгилиндеги Кыргызстандын тарыхый өнүгүүсүн изилдеген орус жана жергиликтүү окумуштуулардын эмгектери кирет.

Негизинен жалпы советтик тарых боюнча Н.Верттин, Ю.Аксеновдун, жана окумуштуулар коллективинин жалпылаштырган илимий эмгектеринде ошондой эле батыш саясатчыларынын изилдөөлөрүндө совет коомунун өнүгүүсү ашкере сын алып тарыхта көмүскөдө калган орчундуу маселелерин ачып көрсөтүүгө жакшы аракеттер жасалган. Совет мезгилинде партиялык жооптуу кызматтарда иштеген Ж. Сааданбековдун монографиясында бийликтин тарыхый мүнөзү кыйла ынанымдуу баяндалган.

Ж. М. Малабаевдин кыргыз элинин Совет мезгилиндеги өнүгүүсүн чагылдырган эмгегин архивдик материалдардын негизинде даярдалган. Ө.Ж.Осмонов менен А.Асанканов биргелешип окуу китебинде совет мезгилиндеги коомдук-саясий өнүгүүгө объективдүү пикирлер берилген.

Жалпысынан алганда кыргыз тарыхнаамасында тарыхый инсандарды изилдөө белгилүү деңгээлде ийгиликке жетишкени менен али алардын тарыхый таржымалын тастыктоого, керектүү материалдар жетишсиз экендигин белгилеп кетүү зарыл.

Бул эмгекти даярдоодо илимий изилдөөлөр менен бирге жарыялана элек булактар терең изилдене элек архивдик материалдар кеңири пайдаланылды. Архивдик материалдардын катарында Кыргыз Республикасынын Борбордук мамлекеттик архивинин фондуларында сакталган документтер арбын.

Эң негизги тарыхый булакты Кыргыз Республикасынын борбордук документтер Саясий архивинин материалдары түздү. Бул архивде Совет мезгилиндеги ККП БКнын ишмердигин чагылдырган материалдар системалаштырылып, жакшы сакталган.

Т.У.Усубалиев көрүнүктүү мамлекеттик ишмер гана эмес, белгилүү изилдөөчү 100дөн ашык макалалары жана 10дон ашуун мазмундуу  монографиялары жарык көргөн. Алардын ичинен соңку мезгилде жарык көргөн төрт томдук китеби өзгөчө баалуу булак болуп эсептелет.

Маанилүү булактардын катарына – мезгилдүү басма сөздө жарыяланган маалыматтар кирет. Алар өз учурунда жазылгандыгы менен баалуу.

Бул эмгек Т.У.Усубалиевдин коомдук –мамлекеттик ишмердигин жана тарыхтагы ролун чагылдырууга арналган алгачкы саамалык болуп эсептелет. Келечекте анын көп кырдуу ишмердиги окумуштуулар тарабынан кеңири изилденээри шексиз.

е"

Илимий эмгектеринин тизмеси

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • Матикеева С.К., Омурова Ж.О. Методические советы и рекомендации студентам «АЗЫ научного исследования». (методичка).- Бишкек, 2007. - 75 с.
  • Өмүрова Ж.О., Жумабаев Б.Ж. Дүйнөлүк жана чөлкөмдүк эл аралык уюмдар: ЖОЖ студенттери үчүн окуу куралы. - Бишкек, 2012. - 228 бет. - ISBN 978-9967-02-756-5.

Интернеттеги шилтемелер

[түзөтүү | булагын түзөтүү]