Өмүрова Рысбүбү

Википедия дан

Өмүрова Рысбүбү (12. 4. 1927-ж. туулган, Суусамыр өрөөнү, Тескей кыштоосу) - зергер уста.

Эмгек ардагери. Зергерчиликти атасы Касымбайдан үйрөнгөн. Чоң атасы Сырдыбай зергерчилик менен алектенип, устачылык кылышкан.

Рысбүбү топчу, шакек, сөйкө, билерик, мүштөк, чакча ж. б. ар түрдүү буюмдарды жасаган. Согуш жылдарында ар кандай жумуштарда эмгектенген.

Баатыр эне, он баласы, 30 небереси, 20 чөбүрөсү бар. Шааболот уруусунан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Суусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9