Өндүрүмсүз чыгымдар

Википедия дан

Өндүрүмсүз чыгымдар - ишканалардагы, өндүрүш бирикмелериндеги, чарба уюмдарындагы табигый, материалдык, эмгек жана финансы ре­сурстарын сарамжалсыз пайдалануу менен финансы, эсеп жана келишим тартибинин бузулушуна, материалдык байльжтарды жана акча каражаттарын эсепке алуу эрежесин сактабагандыкка байланыштуу ысырапкорлук.

Өндүрүмсүз чыгымдардын башкы себеби — чарбасыздык. Өндүрүмсүз чыгымдарды кыскартуу жана жок кылуу-өндүрүштү өнүктүрүү, ишкана продукциясынын өз наркын азайтуу жана кирешелүүлүгүн арттыруу үчүн зор резерв. Бул үчүн белгиленген планды аткарууда, акчалай каражат м-н материал ресурстарды көздүн карегиндей сактоодо жана пайдаланууда, иш режимин чыңдоодо чарба жетекчилеринин жоопкерчилигин көтөрүү талап кылынат.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.