Өндүрүштүк-аймакташ комплекс

Википедия дан

Өндүрүштүк-аймакташ комплекс — соц. коомдун күчүн ил.-тех. рев-янын талабына жеткиликтүү жооп бергидей шартта белгилүү аймакта жайгаштыруу формасы.

Анда негизги жанa көмөкчү ишканалардын өлчөмү, адистештирилиши, сырьёсу, отуну жанa энергиясы, эмгек ресурсунун балансы ж. б., ошондой эле ал аймактын табигый шарттары да эске алынат.

Өнөр жай ишканалары белгилүү аймакта орун алып, алар өз ара тыгыз байланышта болуп, эмгектин аймакта бөлүнүшүнө активдүү таасирин тийгизет. Байланышсыз жайгашкан ишканаларга Кара­ганда планга ылайык калыптанган Өндүрүштүк-аймакташ комплексте ишканаларды ирилештирүү жана кооперациялаштыруу аркылуу жаратылыш жанa эмгек ресурстарын, таштанды сырьёну, транспорт тармактарын рационалдуу пайдаланып, көмөкчү ишкана жанa социалдык- маданий курулуштардын өз наркын арзандатуу менен кыйла экон. натыйж алууга болот.

Өндүрүштүк-аймакташ комплекс экон. районго окшошпойт, бирок анын калыптанышынын матерналдык-тех. өзөгүн түзөт. Комплекстин түзүлүшү көбүнчө жерг. жаратылыш жанa эм­гек ресурстарынын орун алышына, о. эле аймактын геогр. абалына жаболот. КПССтин 24—25-съезддеринин чечимдеринде Өндүрүштүк-аймакташ комплекстин мааниси жеткиликтүү талданган.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.