Өндүрүштүк бригада

Википедия дан

Өндүрүштүк бригада — айрым өндүрүштүк ташпырмаларды чогуу аткаруучу жанa ишке жалпы жооп берүүчү бир же ар кыл кесиптеги жумушчулар коллективи.

Эмгекти бөлүштүрүү жанa кооперациялоо формасына, ошондой эле жумушчулардын кесибине ылайык Өндүрүштүк бригада адистештирилген жанa комплекстүү болушу мүмкүн Адистештирилген Өндүрүштүк бригада бир кесиптеги жумушчулардан түзүлүп, бир өңчөй технол. процесстерди аткарат.

Комплекстүү Өндүрүштүк бригада түрдүү технол. жумушту аткаруу үчүн ар кандай кесиптеги жумушчуларды баш коштурат. Өндүрүштүк бригада сменалык (өтмө) болушу да мүмкүн. Айыл чарбадагы Өндүрүштүк бригада — эм­гекти уюштуруунун негизги форма­сы жанa биринчи (төмөнкү) өндүрүштүк бирдик. Өндүрүштүк бригада 1929-жылдан уюштурула баштаган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.