Өндүрүштүк практика
Көрүнүш
(«Өндүрүштүк окуу» барагынан багытталды)
Өндүрүштүк практика — жогорку, атайын орто жана жалпы билим берүүчү орто мектепте окуу процессинин бөлүгү.
- Өндүрүштүк практика окуучулардын илимий-теориялык даярдыгын тереңдетип, практикалык ишке көнүгүүсүн бекемдейт. Бул практика өндүрүштүк окуу менен түздөн түз байланыштуу.
- Өндүрүштүк практикага окуу мөөнөтүнүн үчтөн бир бөлүгү берилет. Жогорку окуу жайларынын студенттери жанa атайын орто окуу жайларынын окуучулары практика убагында ишкана менен мекемелерде эмгек акы алып иштешет.
- Өндүрүштүк практика окуу мөөнөтүнүн жарым же 1 жылын алат. Акыркы курстарда дипломдук иштин алдында Өндүрүштүк практикага бир нече жума берилет.
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.