Атайын орто окуу жайы

Википедия дан

Атайын орто окуу жайы - кесиптик орто билимдүү адистерди даярдоочу окуу жай. Ал Кыргызстанда КРнын «Билим берүү жөнүндө» Мыйзамынын, КРнын Президентинин указдары м-н Өкмөт токтомдорунун ж. б. укуктук актылардын негизинде иш жүргүзөт. Тогуз жылдык билими барлар 3-4 жыл, орто мектепти бүтүргөндөр 2-3 жыл окуйт. Негизги милдеттери: инсандын интеллектуалдык, маданий ж-а адеп-ахлактык жактан жетилүүсүн атайын кесиптик орто билим берүү аркылуу камсыз кылуу; коомдун атайын орто билимдүү кадрларга болгон керектөөлөрүн канааттандыруу. Окуу жайларынын төмөндөгүдөй түрлөрү бар: техникум, кесиптик орто билим берүү ж-а колледждер (базалык ж-а күчөтүлгөн деңгээлдеги программалардын негизинде кесиптик орто билимдүү адистерди даярдайт). Атайын орто окуу жайлары жалпы орто, баштапкы, кесиптик билим берүү программалары б-ча да адистикке окутат. Окуу күндүзгү, кечки, сырттан окуу ж-а экстерндик формаларда жүргүзүлөт. Окуу сабактары: лекция, семинар, практикалык сабак, лабораториялык иш, текшерүү жумуштары, консультация, өндүрүштүк практика ж-а кесипке жараша дипломдук иштерди аткаруу формасында ишке ашырылат. Бүтүрүүчүлөргө атайын кесиптик орто билим алгандыгы тууралуу адистик ыйгарылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1