Кр президенти

Википедия дан

Кр президенти – мамлекет башчысы, жогорку кызмат адамы, КР Конституциясынын, адам жана жаран укуктарынын жана эркиндиктеринин кепили. КР П-нин статусу КР Конституциясында белгиленген. Конституция анын мамлекеттик органдардын тутумундагы жетектөөчү абалынан келип чыгат. КРде мамлекет башчысы – бийликтерди бөлүштүрүү тутумунун бир бөлүгү эмес, ал бийликтин баардык бутактарынын үстүнө коюлган. КР Конституциясында белгиленген тартипке ылайык КР П. КР эгемендүүлүгүн, анын көзкарандысыздыгын жана аймактык бүтүндүгүн коргоо боюнча чараларды көрөт, мамлекеттик бийликтин биримдигин жана уланмалуулугун, мамлекеттик бийлик органдарынын өзара аракеттенүүлөрүн жана макулдашып иштөөлөрүн, алардын эл алдындагы жоопкерчиликтерин камсыз кылат. КР Конституциясына жана башка мыйзамдарына ылайык КР П. мамлекеттин ички жана тышкы саясатынын негизги багыттарын аныктайт, эларалык мамилелерде жана өлкөнүн ичинде КР атынан иш жүргүзөт. Бүткүл эл тарабынан 5 жылга, катары менен 2ден ашпаган мөөнөткө шайланат. 35 жаштан кем эмес Жана 65 жаштан ашпаган, мамлекеттик тилди билген жана КР П-не талапкерлиги көрсөтүлгөнгө чейин 15 жылдан кем эмес республикада жашап турган КР жараны КР П. боло алат. Колтийбестик укугуна ээ.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]