Өндүрүш калдыгы

Википедия дан

Өндүрүш калдыгы - продукция чыгаруу процессинен жараксыз туунду катары чыккан түрдүү физ. жана хим. касиеттери бар таштанды (кен учкуну, кесинди, таарынды, минерал сырьёнун кыпыны, чамынды, күл ж. б.).

Калдык саны технологияга, сырьёнун сапатына, материал көлөмүнө, өндүрүш процессинин уюштурулушуна байланыштуу. Тех. про­гресс Өндүрүш калдыгынын санын кескин азайтып, таштандыдан кошумча продукция чыгарууга шарт түзөт.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.