Өнүктүрмө окутуу

Википедия дан

Өнүктүрмө окутуу – байыртадан келе жаткан окутуу м-н өнүгүүнүн ортосундагы байланыштарды (атайын уюштурулган окутуу м-н табигый өсүп-өнүгүү ортосундагы) ил. педагогикалык жол м-н чечүүдөн келип чыккан ил. теория.

Бул теориянын адам баласынын өсүп-өнүгүүсү анын табигый мүмкүнчүлүктөрү м-н гана чектелбестен, социалдык таасирлердин, анын ичинде атайын уюштурулган окутуунун түздөн – түз таасири астында жүрөт деген идеяга негизденет. Бул концепциянын негиз салуучусу Россиянын көрүнүктүү психологу Л. С. Выготскийдин пикири б-ча жакшы уюштурулган өнүктүрмө окутуу баланын буга чейинки өнүгүүсүнөн бир аз алдыда жүрүп анын андан ары өсүп-өнүгүүсүнө өбөлгө болуп жүрүп олтурушу зарыл. Учурдагы Ө. о-га байланыштуу Л. Занков тарабынан аныкталган бир катар дидактикалык талаптар бар. Алар жогорку татаалдыктагы окутуу, ыкчам темптеги окутуу, окутуудагы теориялык билимдин басымдуулугу ж. б.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз педагогикасы:Энциклопедиялык окуу куралы/Башкы ред. Ү. Асанов; Ред. кеңеш И. Бекбоев(төрага) ж.б. - Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. - 340 б. ISBN 9967-14-018-6