Өнөр жайдагы кооперативдештирүү

Википедия дан

Өнөр жайдагы кооперативдештирүү - продукцияны биргелешип өндүрүүчү ишканалардын ортосунда өндүруштүк байланыш негизинде уюштурулган биримдештик.

Өнөр жайдагы кооперативдештирүү эмгекти коомдук бөлүштүрүүгө жана ишкананы адистештирүүгө байланыштуу. Иншаналар продукция­нын аз гана номевклатурасы, ал тургай айрым тетиктерди ондүрүүгө адистелиши алардын ортосунда өндүрүш байланышынын күчөшүно шарт түзөт.

Капитализмде ишканалар ортосундагы өндүрүш байланыштары карама каршы көрүнүштөрдү пайда кылат. Бул бир жагынан өндүргүч күчтүн өскөндүгүн жана эмгектин коомдук бөлүштүрүлүшү тереңдешин далилдесе, экинчиден, капит. ишкапалар ортосунда арбын пайда үчүн конкуренция күчөгөндүгүн көрсөтөт. Империализмде ири монополшшар Өнөр жайдагы кооперативдештирүү аркылуу чакан ишканаларды баш ийдирип, андан алынган пайданын негизги бөлүгүн энчилешет. Социализмде Өнөр жайдагы кооперативдештирүү коомдук эмгек өндүрумдүүлүгүн жогорулатуунун негизги факторлорунун бири ка­тары кеңири колдонулат. Анда Өнөр жайдагы кооперативдештирүү бири бири менен шериктеш ишканалардын жана өндүрүш коллективдеринин ортосундагы кызматташуунун далили.

Ал соц. өнөр жайда райондук жанa район аралык, тармактык жанa тармак аралык кооператив байланышына бөлүнөт. Мөөнөтү боюнча Өнөр жайдагы кооперативдештирүү туруктуу же убактылуу болуп айырмаланат. Өндүрүштү кооперативдештирүү соц. өлкөлөрдүн экон. өз ара жардамдашуусунда маанилүү роль ойнойт.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.