Өнөр жай имараттары

Википедия дан

Өнөр жай имараттары, өнор жай ишканаларынын өндүрүштүк имараттары — адамдардын эмгектенүүсүнө, технологиялык жабдууларды пайдаланууга шарт түзүү менен өнөр жай өндүрүшү жайгаштырылган курулмалар.

Арналышына жараша Өнөр жай имараттары негизги, экинчи маанидеги (ремонттоо-мех., моделдөө цехтери, насос станциялары, гараждар, депо ж. б.), склад, энергетикалык (казан ж. б.) жанa жардамчы болуп айырмаланат.

Курулуш тиби боюнча Өнөр жай имараттары төмөнкү класстарга бөлүнөт:[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • а) пролётторунун саны боюнча —1, 2 пролёттуу (павильон тибиндеги) жанa көп пролёттуу;
  • б) кабатынын саны боюнча — 1, 2, көп кабаттуу жанa айкалышкан;
  • в) жарыктандыруу системасы боюнча — жасалма, табигый жанa айкалышкан жарыктандыргычтуу;
  • г) аба алмаштыруу системасы боюнча — таби­гый желдетилме (аэрация), соруп киргизип-чыгарма желдеткичтүү;
  • д) жылытуу системасы боюнча — жылытылбас «ысык» (жылуулук бөлүп чыгарган өндүрүш үчүн), жылытылбас «муздак» (склад, кампа, сере ж. б.) жана жылытылма;
  • е) имараттын төбөсүн жабуу конструкциялык схемасы жана тиби боюнча — каркастуу мейкиндик конструкциялуу, асма системалуу, пневматикалык таянычтуу;
  • ж) негизги күч келүүчү конструкциялардын материалдарына жараша — темир-бетондуу жана металл каркастуу, кир­пич дубалдуу, жыгач каркас конст­рукциялуу;
  • и) атайын талапка ылайык — агрегат-имараттар (өтө татаал жана өтө чоң технол. жабдуулары бар цехтер үчүн), радпациялык (өтө жог. радиациялуу өндүрүш үчүн), жарылуу коркунучу бар өндүрүш имараттары ж. б. Өнөр жай имараттарынын тибин тандоодо өндүрүш процессинин түрү, имарат курулуп жаткан райондун климат өзгөчөлүгү, шаар куруу шарттары, универсалдаштыруу, типтештирүү ж. б. эске алынат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.