Өрмө кара, бурма кара
Өрмө кара, бурма кара (лат. Corydalis pseudoadunca, M. Pop.) - Көп жылдык өсүмдүк. Сабагынын бийиктиги 20-40 см, бир топ жоон, катуу. Жалбырактары үч ирет канаттай тилкелүү, анча чоң эмес бөлүкчөлүү, жалбырак пластинкасы жазы, сабында сегменттери бар, бөлүктөрү отурган. Чачы топ гүлүнүн түп жагы бутактанган же жөнөкөй, бир топ узун, гүлдөрү жыш жайгашкан. Гүл жан жалбыракчалары сызгычтай-ланцеттүү, чел кабыктай, кыска. Гүл сабынын узундугу 5 мм, ичке, мөмөсүндө өтө имерилген. Чөйчөкчө жалбыракчалары майда, узундугу 1 мм, чел кабыктай. Гүл коргонунун узундугу 15 мм, сырткы желекчелери учтугуй эмес, шпорасы кыска, түз жана учу тегерек. Кутучалары салаңдаган, узун, ичке келет.
Биологиялык өзгөчөлүктөрү
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Гүлдөөсү жана мөмөлөөсү июнң-августтарга туура келет. Уругу аркылуу көбөйөт.
Жалпы жана өлкөдө таралышы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Памир-Алай, Алай тоо кыркасы, Талдысуу жана Сопукоргон сууларынын өзөнү, Сопукоргон менен Акбосогонун ортосундагы Олңганын шалбаасында, Талдык ашуусу; Тышкы Алай тоо кыркасы, Кызылсуу дарыясынын башатында.
Өсүү шарттары
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Таштуу жана шагылдуу жарларда, агын суулардын өзөндөрү ортоңку жана бийик тоо алкактарындагы тоо беттери.
Саны
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Маалымат жок.
Чектөөчү факторлор
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Маалымат жок.
Өстүрүү
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Маалымат жок.
Уюштурулган коргоо аракеттери
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Атайын коргоо боюнча чаралар иштелип чыккан эмес.
Коргоо үчүн зарыл аракеттер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Түрдүн санын, биологиясын изилдеп, ал максималдуу учураган аймактарда ботаникалык заказник уюштуруу абзел.
Статусу
[түзөтүү | булагын түзөтүү]VU. Өтө сейрек кездешкен Памир-Алайдын эндем түрү.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Кыргыз Республикасынын Кызыл китеби 2-басылышы – Бишкек: 2006. – 544 б. – ISBN 9967-23-367-2