Өрттөн

Википедия дан

Өрттөн топоним . Манастын Текес кан менен урушунда кездешкен жерлердин бири.

Камыш, чийи, куурайы

Жалынга тактоо кылабы,

Жалпы күйдү бу дагы.

Кайың, талы, тереги

Түк болбоду кереги,

Өрттөп аны салганы,

Ошо күндөн ушу күн

Ошо жердин атагы

Өрттөн атка калганы (Сагымбай Орозбаков, 2. 43), —

деп манасчы өзү Ө. аттуу жердин аты, өрт чыккан жерге коюлуп калган семантикалык маанисин чечмелеп берет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4