Өсүмдүктүн бактерия илдеттери

Википедия дан

Өсүмдүктүн бактерия илдеттери - бактериоз өсүмдүктүн бактериялар пайда кылуучу жугуштуу илдети. Бардык жерде тараган. Бактериянын таасиринен өсүмдүк организми бузулуп, тканы менен клеткасынын түзүлүшү жана физиол. функциясы өзгөрөт. Бактериоздор а. ч-га чон залал келтирет. Өсүмдүктүн бактерия илдеттери бир нече типке бөлүнөт: өсүмдүктүн чирик илдети (тканы жумшарып чирийт; тамыр чириги); өсүмдүктүн темгил так илдети (өркүн, жалбырак, мөмөсүнө темгил так түшөт); өсүмдүк күйүгү (гүлү, түйүлдүгү, жалбырагы, өркүнү бозоруп, карарып, куурайт); өсүмдүктүн рак илдети (өсүмдүктүн тамыр, сабак же бутагында дөмпөгөй шишик пайда болот); чайыр агуу (гоммоз). Бактерия өсүмдүккө үт, нектар түтүгү же сынган, сыйрылган жери аркылуу кирет. Бактерияны көбүнчө курт-кумурска жуктурат. Бактерия өсүмдүк тканына кирип, клетка ортосундагы өткөөлдөр аркылуу тарап, клетка аралык пластинкаларды эритет. Өсүмдүк үрөнүнө бактериоз илдети эки жол менен сыртынан (үрөн илдеттүү өсүмдүк менен булганганда ж. б.), ичинен (түтүкчө бактериоз илдети) жугат. Бактериоз өсүмдүккө көбүнчө топурактан тамыр аркылуу, кээде шамал, жаан-чачын аркылуу да жугат. Мөндүр өсүмдүктүн жалбырак, сабагына зыян келтирип, бактериоз илдетинин пайда болушуна себеп болот. Бактериоз илдетин алдын алуу үчүн түшүм жыйналган соң, аңызды өсүмдүк калдыгынан тазалоо, которуштуруп эгүү эрежесин сактоо, агротех. ыкманы туура пайдалануу, бактериоз илдетине каршы пестицид чачуу сунуш кылынат, к. Өсумдүк коргоо.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]