Өсүмдүктүн кургакчылыкка туруктуулугу

Википедия дан

Өсүмдүктүн кургакчылыкка туруктуулугу - өсүмдүк ткан жана орган клеткаларынын кургакчылыкта суусузданууга жана өтө ысыкка туруштук берүү жөндөмдүүлүгү. Бул эки касиет филогенез процессинде табигый шарттын жана табигый тандалуунун таасиринен пайда болгон. Ө. к. т. протоплазманын коллоиддик-химиялык өзгөчөлүгүнө, зат алмашуу мүнөзүнө байланыштуу. Ө. к. т. кургакчыл мезгилде талаа шартында текшерилет. Мында жаңы өсүндү, жалбырак өңүнүн өзгөрүшү, жалбырагынын күбүлүшү, түшүм жана анын сапаты эске алынат. Кургакчылыкка туруктуу өсүмдүк сортун чыгаруу, туура которуштуруп эгүү, жер семирткичти (айрыкча микроэлементтери көп жер семирткичти) рационалдуу пайдалануу жана башка агротехникалык иш-чаралардын практикалык мааниси абдан чоң. Ксерофиттер кургакка өтө чыдамдуу келет. Өсүмдүктүн кургакчылыктын жана башка ыңгайсыз факторлорунун таасирине туруктуулугу цитоплазманын түзүлүшүнө жана анын негизги компоненттери – белок менен сууга жараша болот. Ө. к. т. көп учурда клетканын суу кармоо жөндөмдүүлүгүнө, сууну аз жоготушуна, ошондой эле осмос басымына байланыштуу болот.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]