Өсүмдүктүн кургакчылыкка чыдамдуулугу

Википедия дан

Өсүмдүктүн кургакчылыкка чыдамдуулугу - өсүмдүктүн, анын клетка, ткандарынын кургакчылыкка, аптапка байымдуулугу.

Ксерофиттер, мезофиттер кургакчылыкка өтө чыдамкай келет. Өсүмдүктүн кургакчылыкка чыдамдуулугу тукум куугучтук касиетине байланыштуу. Бирок өсүү процессинде өсүмдүк чыдамкайланып ысыкка көнүгөт. Мында транспирация, азыктануу, фотосинтез ж. б. физиол. процесстер маанилүү. Кургакчылыкта абанын нымдуулугу төмөндөп, температура жогорулан, өсүмдүккө суу жетишпей, солуй баштайт. Анда белок эрип, цитоплазма ажырайт, канттын фосфорлонушу, осумдүктүн дем алышы, зат алмашуусу бузулуп, өсүүсү начарлан, түшүмү төмөндөйт, кээде та­кыр куурап калат.

Өсүмдүктүн кургакчылыкка чыдамдуулугу өсүү мез­гилинде жогорулан, бирок генерация органдары чыкканда төмөндөшүн орус изилдөөчүлөрү И. П. Пульман (1898), П. И. Броунов (1912) Ф. Д. Сказкин (1961) аныкташын, өсүмдүктүн биогенетикалык закон көрүнүшү деп белгилешкен.

Өсүмдүктүн кургакчылыкка чыдамдуулугуна сорт чыгарууда, селекцияда көп көцүл бөлүнөт. Аны жогорулатууда кургакчылыкка чыдамдуу сортторду эгүү, үрөндү алдын ала чыңдоо, агротех­ника менен кошумча азыктандырууну туура найдалануу маанилүү.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.