Өсүмдүктүн ысыкка чыдамдуулугу

Википедия дан

Өсүмдүктүн ысыкка чыдамдуулугу - өсүмдүктүн жогорку темп-рага туруштук берүү жөндөмдүүлүгү. Айрым көк жашыл балырлар ысыкты жакшы көтөрөт. Кургак мамык чөптөр менен эңилчектер 100°С ысыкка 30 минга чейин чыдайт. Көп өсүмдүктөрдүн кургак уругу да ысыкка чыдамдуу келет. Айрым ксерофиттер, ал эми өстүрүлмө өсүмдүктөрдөн жүгөрү, ашкабак, таруу, гозо ысыкка абдан чыдамдуу. Тез ысып кетүүдөн өсүмдүктүн субмикроскопиялык структурасы, жай ысыганда белогу бузулат. Белогунун бузулушу өсүмдүктүн ысыктан жабыркашынын олуттуу белгилеринен болуп эсептелет. Ө. ы. ч. протоплазмада топтолгон аммиакты залалсыздандыруу касиетине байланыштуу болот. Ысыкка анча чыдамсыз өсүмдүктөрдүн көбү нымды бат бууландырып, темп-раны төмөндөтөт. Бул учурда жалбырак өтө ысыбай өсүмдүк өсө берет. Ө. ы. ч. Ф. Ф. Мацковдун ыкмасы боюнча аныкталат. Белгилүү темп-рага чейин сууда ысытылган жалбыракты туз к-тасынын 0,2 %түү эритмесине салганда, жалбырактын ысыктан бузулган жеринде күрөң так пайда болот. Так канча чоң болсо өсүмдүк ошончо ысыкка чыдамсыз болот. Генеративдик орандар калыптанып жаткан учурда ө. ы. ч. төмөндөйт. Үрөндү 0,1 %түү хлордуу кальцийдин эритмесине нымдап же күкүрт кычкыл цинкти жалбыракка чачып, өсүмдүктүн ысыкка чыдамдуулугун арттырууга болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]