Өсүмдүк пигменттери

Википедия дан
хлорофилл.

Өсүмдүк пигменттери - өсүмдүк тканындагы химиялык түзүлүшү ар башка боёк заттар. Өсүмдүк жалбырагында пигменттин 4 тобу болот: хлорофилл, каротиноид, фикобилин жана антоциандар. Эн негизгиси хлорофиллдер фотосинтездин негизин түзгөн жашыл түстөгү орг. бирикме. Каротиноиддерге сары, саргыч кызгылт же кызыл түстүү өсүмдүк пигменттери кирет. Эң негизгилери: каротин, ксантофилл. Каротин сабиз, кызыл өрүк, шабдалы жана ит мурундун мөмөсүндө арбын. Фикобилиндер хлорофилл менен бирге балырдын клеткасында болуп, фотосинтезге активдүү катышат. Антоциандар кызгылт көк жана көк, кызыл өсүмдүк пигменттери гүл желекчелеринде, мөмөлөрдө, жалбырактарда болот. Фотосинтезге катышпайт. Өсүмдүк пигменттеринин аракетинен бардык организмдердин материалдык жана энергиялык базасы түзүлөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]