Өсүмдүк рагы
Өсүмдүк рагы - өсүмдүктүн мите козу карындан, бактериядан, кээде катуу сууктан пайда болуучу шишик илдети.
Ага көбүнчө картошка, кызылча, алма, алмурут, чие ж. б. чалдыгат. Картошка рагы — коркунучтуу карантин илдет. Аны пайда кылуучу мите козу карын тонуракта кыштайт. Алма, алмурут, жаңгак, чие ж. башкалардын рагында дарак сөңгөгү, жалбырагы, кабыгында жанa мөмөсүндө кара күрөң чуңкур так пайда болот да, ал чоңоюп шишикке айланат.
Тамырда азык заттардын айланышы начарлап, түшүм өтө төмөндөйт. Өсүмдүк рагынан алманын кара рагы өтө зыяндуу. Илдеттүү дарак 3—4 жылда чирийт.
Күрөш чарасы: топуракты дезинфекциялоо, илдегтүү бутактарды кыркып, кабыгын, мөмөсүн, жалбырагын чогултуп өрттөө, карантин чектөө, Өсүмдүк рагына туруктуу сортторду өстүрүү.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.