Мазмунга өтүү

Өсүмдүк сорту

Википедия дан

Өсүмдүк сорту - селекциянын натыйжасында чыгарылган белгилүү морфологиялык, физиологиялык, биологиялык жанa чарба са­паттуу өсүмдүк тобу.

Өсүмдүктөн сапаттуу түшүм алуу үчүн чыгарылат. Ал сорт өзүнчө артыкчылык касиеттери менен айырмаланат. Өсүмдүк сорту жергиликтүү жанa селекциялык болуп бөлүнөт.

Жергиликтүү сорт эл арасында узак мезгилде тандоонун негизинде чыгарылат. Бул сорт жергиликтүү шартка ылайыктуу келип, көбүнчө селекциялык сорттун негизин түзөт. Селекциялык сорт илимий иззилдөө институттарында, мекемелер­де атайын метод аркылуу чыгарылат.


Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.