Өсүү гормону же соматотропин гормону
Көрүнүш
Өсүү гормону же соматотропин гормону – белок, молекулалык салмагы 22000. Соматотропин гормону жаш организмдин өсүүсүн тездетет. Нормадан көп бөлүнүп чыкса, организмди гигантизмге, аз болсо карлик абалга алып келет. Өсүү гормону организмде углеводдордун , майлардын, белоктордун алмашуусуна катышкан ферменттерге таасирин тийгизет. Соматропин суу менен туздун алмашуусуна дагы катышат. Канда гормондун саны көбөйүп кетсе, дененин кээ бир бөлүктөрүнүн пропорциясын бузат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Биология: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. -Б.:2004, ISBN 9967-14-002-4