Өткүрбек Жамшитов

Википедия дан
Жамшитов Өткүрбек Асилбекович
Желек
Желек
Кыргыз Республикасынын башкы прокурору
 24-апрель 2018
Өкмөт башчысы: Мухаммедкалый Абылгазиев
Президент: Сооронбай Жээнбеков
Андан мурунку: Индира Жолдубаева
 
Туулган жылы: 4 -сентябрь 1975(1975-09-04) (48 жаш)
Туулган жери: Төлөйкөн, Кара-Суу району, Ош облусу, Кыргыз ССРи, СССР
Билими: Кыргыз Мамлекеттик Университети, юриспруденция факультети
Кесиби: юрист

Өткүрбек Жамшитов (4-сентябрь 1975, Төлөйкөн, Кара-Суу району, Ош облусу, Кыргыз ССРи, СССР) — Мамлекеттик ишмер, Кыргыз Республикасынын башкы прокурору.

Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1996-жылы Кыргыз улуттук университетин юриспруденция адистиги боюнча бүтүргөн. 1997-жылы Талас шаардык прокуратурасында прокурордун жардамчысы болуп иштөө менен баштаган. 1999-2008-жылдары Талас шаарынын, Бакай-Ата, Алай райондорунун, Ош облусунун прокуратураларында тергөөчү болуп иштеген. 2008-жылдын 21-январында Кадамжай районунун прокурорунун орун басары кызматына дайындалган. 2011-жылдан баштап Лейлек районунун прокурору болуп иштеген. 2015-жылдын 1-июлунда Жалал-Абад облусунун прокурорлугуна дайындалган.