Өт айдама дарылар

Википедия дан
Сеам эгиздери

Өт айдама дарыларбоор клеткаларында өттүн пайда болушун күчөтүүчү жана анын он эки эли ичегиге чыгышына жардам берүүчү заттар.
Аларга:

  • өт кислоталары (дехолин),
  • жаныбарлардын кургак өтүнөн жасалган (аллохол) жана
  • синтез жолу менен алынган дарылар (оксафенамид).

Ошондой эле өт жолдорунун спазмасын жоготуучу дарылар (мисалы, папаверин, но-шпа) кирет. Кээ бир дары өсүмдүктөрү (ит мурун мөмөсү, жүгөрү чачысы, өчпөс гүл жана башкалар) өт айдама касиетке ээ. Өт айдама дарылар боор өттүн өнөкөт сезгенүү ооруларында жана өт жолдорунун таш оорусунда колдонулат.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8