Өт кислоталары

Википедия дан

Өт кислоталары - стероиддүү мо­нокарбон кислоталары; холан кислотасынын бирикмелери.

Өт кислоталары киши жана айба­наттын боорунда көбүнчө холестеринден пайда болуп, от менен кошо он эки эли ичегиге куюлат. Кишинин өтүндө кебүнчө хол, аз өлчөмдө дезоксихол, литохол жанa хенодезокеихол кислоталары болот.

Өт кислоталары ичеги жана уйку безинин зилиндеги липазаны активдештирет, майларды эмульсия абалына келтирет жана сиңишине жардам берет. Өт кислоталары кыйындык менен арий турган май кислоталарынын, каль­ций туздарынын сиңишин, ошондой эле ичегинин кыймылын (перистальти­ка) күчөтөт, көпчүлүгү ичегиден канга сиңип, кайра боорго чогулат.

Өт кислоталары организмде азайганда холестерин жакшы эрибей, от таштарын пайда кылат. Өт кислоталары канда орт. 0,8 мг%, мындан көп болсо заара менен чыгат.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.