Өт кислотасы

Википедия дан

Өт кислотасы — холестерин алмашуусундагы эң акыркы продукт. Жаныбарлар, кишинин боорунда холестеринден пайда болуп, өт менен кошо он эки эли ичегиге куюла турган организм үчүн эң маанилүү зат.

1. 7-Холестерин -®C23H36(OH)3-COOH

Холев к-тасы

Глицин NН2-СН2-СООН

2. NH2-CH2-COOH®

Холев к-тасы

C23H36(OH)3 -C-NH-CH2COOH

||

O

Гликохолев к-тасы

же болбосо тауринди H2N-CH2-SO3кошсо,

O

||

C23H36(OH)3-C-NH-CH2-SO3-- таурохолев к-тасы пайда болот. Биол. функциясы боюнча өт кислотасынын туздары ичегинин ичиндеги майларды эмульсиялоого түздөн-түз катышат жана сиңишине жардам берет. Ичеги жана уйку безинин зилиндеги липаза ферментин активдештирет. Бул ферменттин таасиринен майлар глицеринге жана май к-тасына бөлүнөт. Алар ичегиден өтүп, кан тамырлар аркылуу ар кайсы органдарга жеткирилет. Өт к-тасы организмде азайганда, холестерин жак-шы эрибей, өт таштарын пайда кылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]