“Балбай” (поэма)
“Балбай” (поэма) — кыргыз элинин тарыхый турмушун, уруулук доордогу коомдук мамилелерди жана эл эркиндиги үчүн күрөшкөн баатырдын тагдырын чагылдырган көркөм поэма. Чыгармада башкы каарман Балбайдын образы аркылуу ошол мезгилдеги саясий-коомдук кырдаал, элдин көз карандысыздыкка умтулуусу жана ички карама-каршылыктар сүрөттөлөт.
Мазмуну
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Поэмада Балбай Ысык-Көл аймагындагы бугу уруусунан чыккан Эшкожо аттуу өз чарбасы менен жан сактаган, бүркүт салган, момун адамдын уулу катары көрсөтүлөт. Балбай жаштайынан ат үстүндө тарбияланып, жоокерчиликке, эл коргоого бышып жетилет. Анын өмүрү өз уруусунун ар намысын сактоо, элди башка күчтөргө көз каранды кылбоо үчүн тынымсыз күрөш менен өтөт. Эл арасындагы эрдиги үчүн ал «Баатыр» аталат.
Чыгармада Балбай жашаган доор — уруулар арасындагы атаандаштык күчөгөн, ар бир уруу өз алдынчалыгын сактоого аракет кылган мезгил катары сүрөттөлөт. Бул учурда баатырлардын кадыр-баркы өтө жогору болуп, алардын эрдиктери эл ичинде даңазаланган. Балбай да эл эсинде эпикалык баатырдай элестелип, анын авторитети өзгөчө белгиленет.
Балбай Кокон бийлигине да, орус бийлигине да баш ийүүнү каалабайт. Көл аймагына орус аскерлеринин келиши тууралуу кабар тараганда, ал көчүп кетүүгө аргасыз болот. Өзүнө тең баатырлар менен бирге адилетсиз манап, бек, кандарга каршы чыгып, эл намысын коргойт. Орус аскерлеринин Ысык-Көл өрөөнүнө келишине кескин каршы болуп, эч кандай кеңешке көнбөй Текес тарапка жер которот.
Поэмадагы окуялар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Казактардын Сокбакбай деген, Ыртыштан келген чоң каракчылар болгон. Ошолордун 15 жигити 3 миң чамалуу жылкыны айдап бараткан жерден 25 жигит жолду тосуп, Эген суусунун жээгинде капчыгайдын оозун бууп, келаткан жылкыларды алып калган. Артта кыргыздар бар да. Ошол жерде чоң чабыш болуп, Сокбакбайдын иниси Капкабай деген аркы өйүздөн сууга кирет. Берки өйүздөн Балбай кирип, суунун ичинде кармашып, Балбай желкеге сол колу менен урган экен. Урганда шар сууда агып кеткен экен. Андан кийин Ормон менен дене салгы беттешкен учурда, жар чакырганда Ормондор, эр Жантөрөнүн, Агыбай баатырдын, Абылмейиз баатырдын айрым дөңгүттөрү менен беттешкен экен Балбай. Орустар келгенде чет менен кошо чиркөө салышкан дайыма. Ысык-көлдө Манасты деген жер бар. Ошол жерге 200 чамалуу кыргызды орустар чокундурганга аракет кылышкан. Балбай ошону уккандан кийин атчан жигиттер менен барып, аттын үстүнөн карабараң менен аткан экен. Иконго тийип огу, поп алтарга кире качыптыр. Ошондон өрттөп жиберишкен. Бала чагынан тайга минип өскөн, атка мыктылыгынан жоокердик майдандарда ар кандай амалы болгон ат үстүндө. Ошон үчүн бул жеңишке көп ээ болгон.
Каармандын тагдыры
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Чыгармада Балбай баатыр оомал-төкмөл доордун курмандыгы катары сүрөттөлөт. Ал тышкы бийликке баш ийбеген өжөр мүнөзү жана көз карандысыздыкты жактаган аракеттери үчүн жазаланганы баяндалат. Поэманын трагедиялуу чечилишинде баатырдын каза болушу анын доорунун оор саясий кырдаалы менен байланышта берилет.
Элдик уламыштык түшүнүк боюнча анын сөөгү азыркы Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Балбай атындагы айылга коюлганы айтылат.
Колдонулган адабияттар.
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Кыргыз адабияты: энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, - Б.: 2004