Мазмунга өтүү

12 Маймыл

Википедия — ачык энциклопедия
12 Маймыл
РежиссеруТерри Гиллиам
ПродюсерЧарлз Ровен
Сценарийи
ОператоруРожер Пратт
НегизиндеУчуу тилкеси
(фр. 
La Jetée)
автору: Крис Маркер
Тартылгандар
МузыкасыПол Бакмастер
РедакторуМик Одсли
Студия
ЖайылтуучуUniversal Pictures
Чыккан жылы
  • декабрь 29, 1995 (1995-12-29)
Узактыгы129 мүн.[1]
Өлкөсү АКШ
ТилиАнглис
Бюджети$29.5 млн
Киреше$168.8 млн

"12 Маймыл" (англ. Twelve Monkeys, орус. 12 обезьян) - он эки маймыл деген ат менен да белгилүү. 1995-жылы Америкада тартылган нео-нуар илимий-фантастикалык тасма. Режиссеру Терри Гиллиам 1962-жылы тартылган Крис Маркердин "Учуу тилкеси" кыска метраждуу тасмасынан таасирленип тасма жараткан. Тартылгандар: Брүс Уиллис, Мэделин Стоу, ал эми экинчи пландагы оюнчулар: Брэд Питт, Кристофер Пламмер жана Дэвид Морс. "Universal Studios" "Учуу тилкеси" тасмасынын укугун толук метраждуу тасма тартуу үчүн алгандан кийин Дэвид жана Жанет Пиипл сценарий жазуу үчүн чакырылган.

Гиллиамдын жетекчилиги астында "Universal" тасмага $ 29,5 млн каражат бөлгөн. Тасма тартуу 1995-жылдын февралдан майга чейин созулган. Тасманын көпчүлүк бөлүгү сценарийде сүрөттөлгөндөй Филаделфия жана Балтимордо тартылган.

Тасма киносынчылардын мактоосуна татуу менен дүйнөлүк аренадан $168 млн киреше тапкан. Питт Оскардан "Эң мыкты экинчи пландагы актер" сыйлыгына көрсөтүлгөн жана аткарган ролу үчүн "Алтын глобус" сыйлыгын утуп алган. Тасма "Сатурн" сыйлыгынын ар кандай категориясына көрсөтүлгөн жана утуп алган.

Тартылгандар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  1. TWELVE MONKEYS (15). British Board of Film Classification (February 1, 1996). Текшерилген күнү 3 -июнь (кулжа) 2015.