13 киши өлтүргүч

Википедия дан
13 киши өлтүргүч
Режиссеру Такаси Миикэ
Продюсер
  • Мичихико Умезава
  • Итикава Минами
  • Тойчиро Сираиси
  • Такахиро Охно
  • Хиротсугу Йошида
  • Маэда Сигэдзи
  • Масааки Ужо
Сценарийи Дайскэ Тэнган
Оператору Нобуясу Кита
Негизинде 13 Assassins
автору: Эиичи Кудо
Тартылгандар
Музыкасы Эндо Кодзи
Редактору Кэндзи Йамашита
Чыккан жылы
  • 25 сентябрь 2010 (2010-09-25) (Жапония)
  • 29 апрель 2011 (2011-04-29) (АКШ)
Узактыгы 125 мүн.[1]
Өлкөсү  Жапония
Тили Жапон
Бюджети $6 млн
Киреше $17.5 млн[2]

"13 киши өлтүргүч" (жапончо: 十三人の刺客 - Jūsannin no Shikaku, англ. 13 Assassins, орус. 13 убийц) - 2010-жылы Такаси Миике тарткан жапон жидайгеки тасмасы. Сценарийин Дайсуке Тенган 1963-жылы Эиичи Кудо тарткан ак-кара түстөгү окшош аталыштагы тасмасына таянып жазган. Эркин түрдө тарыхка таянган самурай эпикалык тасмада Эдо доорунун 1844-жылы 13 киши өлтүргүч (12 самурай жана 1 аңчыдан турат) Акаши уруусунун зөөкүр башчысы Мацудайра Нарицугу Сегун кеңешине дайындала электе өлтүрүүнү жашыруун пландашат.

Тасмага Кодзи Якусө, Такаюки Ямада, Сосуке Такаока, Хироки Мацутака жана Казуки Намиукини камтыган курамдык топ катышкан. Бул Ямада жана Такаока чогуу катышкан 3-тасма, мындан мурун Миике тарткан "Нөл Каргалар" жана "Нөл Каргалар 2" тасмаларында чогуу тартылышкан. Тасма тартуу 2009-жылы июлдан сентябрга чейин 2 айда Жапониянын түндүк тарабындагы Цуруока, Ямагата аймактарында тартылган. "Toho" тасманы Жапонияда 2010-жылы 25-сентябрда, ал эми "Magnet Releasing" АКШда 2011-жылы 29-апрелде жарыкка чыгарган. Тасма жалпы жонунан мактоого татып, киносынчылар өндүрүү баалуулугун, каармандарды жана Акира Куросаванын "7 самурай" тасмасынан кийинки эле мыкты сюжет деп макташкан.

Сюжет[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тартылгандар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. 13 Assassins (15). British Board of Film Classification (16 February 2011). Текшерилген күнү 4 -ноябрь (жетинин айы) 2016. Түп булактан архивделген күнү 5 -ноябрь (жетинин айы) 2016.
  2. 13 Assassins (2011). Box Office Mojo. Текшерилген күнү 30 -март (жалган куран) 2017. Түп булактан архивделген күнү 12 -сентябрь (аяк оона) 2016.