30-февраль

Википедия дан
1712-жылдын февраль айы үчүн швед жылнаамасы

30-февраль календарлык дата . Февраль айы Григориан жылнаамасы боюнча 28 күндөн ( толук жылдары 29 күндөн) турат.

Швецияда өзгөчө бир учур болгон, 1712-жылы жылнааманы түзөтүү үчүн февраль айына 30чу күн кошулган.

Швецияда 1712-жылдын 30-февралы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1699-жылы Швеция Падышалыгы (ал кезде өз курамына Финляндияны да камтыган) Юлиан жылнаамасынан Григориан жылнаамасына өтүүнү чечкен. Бирок, шведдер жылнааманы ошол убакта топтолгон 11 күндүк айырмага жылдырбай, акырындык менен өтүүнү чечишкен.

Швеция Падышачылыгында 40 жыл бою толук жылдарды өткөрүп жиберип турушкан, башкача айтканда, 28-февралдан кийинки эле 1-мартта өтүшү керек болчу. 4 жыл сайын алар Григориан жылнаамасына бир күндөн жакындашкан.

1711-жылы Швециянын падышасы Карл XII жылнаамалык реформадан баш тартып, Юлиан жылнаамасына кайтып келүүнү чечкен жана 1712-жылы февраль айына 2 күн кошулук, бул жылдын февраль айы 30нан жаңырган.

Швеция Григориан жылнаамасына толугу менен 1753-жылы өткөн (1753-жылдын 17 февралынан кийин эле 1 март болот деп жарыяланган).

КССРдеги 1930-1931-жылдарындагы болбогон 30-февраль[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1929-жылы КССРде революциялык жылнааманы киргизүү сунушталган, анда ар бир жумада беш күн жана ар бир айда 30 күн болуп, бир ай алты жумадан турмак. Артып калган 5 же 6 күн «айсыз танапистер» [1] деп аталмак болгон.

Революциялык жынаама 1930 жана 1931-жылдары колдонулган, бирок бул жылдарда 30-февраль болгон эмес.

Ар бир ай отуз күндөн турат деген факта таянып, кээ бир булактар 30-февраль КССРде 1930 жана 1931-жылдары болгон деген тыянак чыгарып келишет.

Чынында 30-февраль сунушу четке кагылган [2] .

Жумлалар (Цитаталар)[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Николай Гоголь : "Отузунчу февраль" (" Жин тийгендин жазмалары ").
  • Жорж Буш : "Бул бюджеттик сандар болжолдуу гана эмес, алар 30-февралда аяктаган каржы жылынын иш жүзүндөгү жыйынтыктары" [3] (англ. These budget numbers are not just estimates, these are the actual results for the fiscal year that ended February the 30th. )
  • Игорь Губерман : «Кудайдын эсеби боюнча, менин спиралым кантип күйүп кетээрин билбейм, бирок мен өлүм күнү катары отузунчу февралды тандамакмын» [4] .

Дагы караныз[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • 0 январь
  • 0-март

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Откуда у «Нашей Эры» ноги растут: о попытках упразднить Бога за ненадобностью (орусча)(жеткиликсиз шилтеме — 'тарыхы). Александр Лебедев.
  2. R. W. Davies, The Soviet economy in turmoil, 1929—1930 (Cambridge, Massachusetts: Cambridge University Press, 1989) 84—86, 143—144, 252—256, 469, 544.
  3. Афоризмы Дж. Буша (орусча)(жеткиликсиз шилтеме — 'тарыхы). Текшерилген күнү 14 -сентябрь (аяк оона) 2009.
  4. Закатные гарики. Часть 4.

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]