8-чакырым

Википедия дан
8-чакырым
Режиссеру Көртис Хэнсон
Продюсер Көртис Хэнсон
Брайан Грейзер
Джимми Айовайн
Жазуучу Скотт Сильвер
Оператору Родриго Прието
Тартылгандар Эминем
Ким Бейсингер
Бриттани Мерфи
Мекай Файфер
Редактору Жей Рабиновиц
Студия Imagine Entertainment
Жайылтуучу Universal Pictures
Чыккан жылы
  • ноябрь 8, 2002 (2002-11-08)
Узактыгы 110 мүн.[1]
Өлкөсү  АКШ
Тили Англис
Бюджети $41 млн
Киреше $242.9 млн

"8-чакырым" (англ. 8 Mile, орус. Восьмая миля) - 2002-жылы Скот Силвер жазган, Көртис Хэнсон тарткан америкалык драма. Тасмага катышкандар: Эминем, Мекай Файфер, Бриттани Мерфи, Майкл Шэннон жана Ким Бейсингер.

Тасма 1995-жылы Уорренде паркта жашаган ак түстүү рэпер Жимми (Б-Раббит) Смит кич.(Эминем) африка-америкалыктар басымдуулук кылган рэп жанрында карьерасын түзүүгө кылган аракети тууралуу окуяны баяндайт. Тасманын аталышы басымдуу бөлүгү кара түстүүлөр жашаган Детройт, Уейн жана ак түстүүлөр турак кылган Оукланд, Мэком аймактарынын ортосундагы 8-чакырым трассасынын атынан келип чыккан. Негизинен Детройтто тартылган тасма каржы жана киносынчылар сынынан ийгиликтүү өткөн. Эминем "Lose Yourself" ыры үчүн Оскар сыйлыгын алган жана бул ыр тасманын негизги ырына айланган.

Сюжет[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тартылгандар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Сыйлыктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тасма төмөндөгү сыйлыктардан көптөгөн жыл мыктысы жана бардык убактагы мыкты тасмасы аталган.

  1. "Billboard" (Эрика Рамирез): Бардык мезгилдеги эң мыкты 10 хип-хоп тасманын 2-тасмасы
  2. "The New York Observer" (Эндрү Саррис): 2002-жылдагы эң мыкты 10 англис тилдүү тасманын 7-тасмасы
  3. "Time" (Ричард Шикел): 2002-жылдын эң мыкты 10 тасмасы
  4. "Rolling Stone" (Питер Трэверс): 2002-жылдын мыкты тасмалары
  5. "The Daily Californian": 2002-жылдын эң мыкты тасмалары.

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. 8 Mile. British Board of Film Classification. Текшерилген күнү 29 -январь (үчтүн айы) 2012.